Үчкошой


Үчкошой–суу, Талас суусунун сол куймасы. Талас Ала-Тоосунун түндүк-чыгыш капталынан башталат. Узундугу 40 км, алабынын аянты 1210чарчы/чакырым,анын 10чарчы/чакырымдейи түбөлүк кар, мөңгү менен капталган. Үчкошойдун 268 куймасы бар, ирилери:Чоң кошой, Орто кошой, Жылаңач кошой, Жаргарт, Балачычкан. Алабында 17 майда көл(жалпы аянты 0,26чарчы/чакырым)бар. Кар, мөңгү жана жамгыр сууларынан куралат. Жылдык орточо чыгымы(Карой кыштагы тушта)9,20м3/сек(1958).Суусу май-июлда кирип, сентябрь–октябрда тартылат. Сугатка пайдаланылат. Өрөөнүндө Карой, Сасык булак, Кеңеш, Чоң токой кыштактары жайгашкан.

2016-08-11 57 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11