Үч-Таш


Үч-Таш, Керген-Таш — Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Бөкөнбаев кыштагынан (райондун борбору) 28 км чыгыш тарапта. Тастар-Ата тоосунун түндүк этегиндеги Ү.-Т. деген жерде. Ал жердеги таштардын өз ара жайгашышы жылкынын чидерин кергендеги элести эске салат.

Алардын тушташ жайгашкан эки ташы бири-биринен 11 м, ал эми үчүнчү таш экөөнөн 31 м аралыкта. Элдик уламыш боюнча бул Ү.-Т-ка Манас Аккуланын чидерин кердирткен экен. Бул таштардан ары жакта 20 м аралыкта дагы бир таш төртүнчүсү жатат. Ага Аккуланын чылбырын байлаган деп айтышат.

Үч-Таш — "Манас" эпосундагы топоним. Ала-Тоонун күн жүрүш жагына Манас баатыр кырк чоросу менен ууга чыккан жер (Сагымбай Орозбаков, 2. 288).

2016-08-11 41 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11