Өрмөчү, өрмөчүлүк жана өрмөк


Өрмөчү (өрүмчү) — өрмө (өрүм) өнөрүнүн чебери. Өрмөчүлүк (өрүмчүлүк) — ат жабдыктарына узануудагы элдик эски ыкмаларынын бири. Бул көркөм кол өнөрчүлүгүнүн татаал түрүнө кирет. Мунун негизги жердиги бир гана кайыш жана көк болот. Өрмө буюмдарын жасоонун маңызы көзгө илээшпеген көктүн тал-тал ичке тегиз жана өтө кылдат тилүүсүндө болуп саналат. Ошол тилим талдар бир жеринен үзүлбөсө, өрүмү кооз чыкса, бул өрмөчүлүктү аныктайт.

Өрүм кайыш менен көктү тилишке да байланышат. Өрмөк — ийрилген жүн жип менен көркөм өнөрдү жүзөгө ашыруучу кол дүкөн (Шайман).Өрмөктү курууга эки киши керек. Төрт чарчы жерге төрт казык кагылат да, ал боюнча бир адам жипти илип, жүгүрүп өтүп турат. Экинчиси, бир жерде отуруп, ар бир жипти өңү менен чаташтырбай күзүктөйт. Күзүк өрмөк согууда улам аркак өткөрүлгөн сайын эркек («өрмөктүн үстүңкү жиби) жиптерин өткөрүп, астын-үстүн кылып алмаштырып туруучу эң орчундуу бөлүгү.

Өрмөктүн эриш жиби казыкта жүгүртүлүп жатканда күзүк өтөт. Эриш жиптердин ургаачылары күздүккө илинет да, эркек жиптери болсо илинбейт. Өрмөкчү адыргыны өзүн көздөй тартып, кырынан тургузганда эркек жип күзүк жиптин арасы менен өөдө чыгып, адыргыны жалпагынан ары жылдырганда ургаачы жиптин арасы менен төмөн түшүп турат. Күзүктөлгөн эриштерди көтөрүп согууга даярдоо асма «үч бут мара» болот. Эриштин эки тарап жыш жиптери бат-бат алмашып, арасына аркакты кысып алат.

Өрмөктүн токулган бөлүгү жылган сайын күзүк да, күзүк өткөргүч «мара» да (можу, иймек) «күйөөнү» көздөй жылдырылат.

2016-05-20 32 Бөлүм: Кол өнөрчүлүк

Маалыматты көчүрүү үчүн сайтка кириңиз же катталыңыз.