Өмүрбаева Нуриза – акын. Токтогул районунун Кызыл-Туу айылында 1985-жылдын 19-сентябрында туулган.
2003-жылы Мүлкүбат атындагы орто мектебин, 2008-жылы Кыргыз Улуттук университетинин кыргыз филология факультетин аяктаган.
2008-жылы «Айыл ажары» гезитинде кабарчы болуп иштөө менен эмгек жолун баштаган. Учурда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик архив агенттигинин жетек-төөчү адиси.
Анын бир катар чыгармалары мезгилдүү басма сөз беттеринде, айрымдары «Саамалык», «Алманын мөмөлөрү», «Много языков один мир» альманахтарында жа-рыяланып келет.
2004-жылдан бери чыгармачыл жаштардын республикалык «Нурборбор» коомдук бирикмесинин жана «Калемгер» адабий клубунун мүчөсү.
Ч. Айтматов атындагы эл аралык фонду тарабынан уюштурулган «Дебют – 2008» жайкы мектебинин проза жанрынын жеңүүчүсү. 2009-жылы «Много языков один мир» конкурсунан поэзия жанры боюнча 3-орунду алган.
2010-жылдан Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзуна мүчөсү.
Сезим күүсү: Ырлар. – Бишкек, Бийиктик 2008. – 108.
Айылым алтын бешигим: Санжыра. – Б.: Бийиктик, 2009.