Өмүралиева Сүйүмкан


Өмүралиева Сүйүмкан (19. 1. 1946, Ысык-Көл облусу, Тоң району, Көк-Мойнок айылы 15. 11. 2009, Тоң району, Коңур-Өлөн айылы) тилчи, филология илимдеринин доктору (1999), профессор (2002). КМУнун филология факультетин (1970) бүтүргөн. Ош облусу, Ноокат районундагы «Өсөр» мектебиңде (196466), Ысык-Көл районундагы Чоң-Өрүктү мектебинде мугалим (1966-70), КР УИАда илимий кызматкер (1971-72), КМУда аспирант (1972-75), окутуучу (1975-91), доцент (1993), КММАда кыргыз тилин окутууну уюштуруу боюнча бөлүм башчы (1991-92), Эл аралык коомдук Ч. Айтматов академиясынын академиги (1994), «Алтынай» менчик мектебинин уюштуруучусу жана жетекчиси (1994-2000), БГУда окутуучу, кафедра башчысы (2000-09), профессор (2001-09) болуп эмгектенген. 70тен ашык илимий эмгектин, анын ичинде 8 окуу китептин автору. Эмгектери: Ч. Айтматовдун көркөм текстине лингвистикалык илик. Б., 1999, Кыргыз тили (лексикология). Студенттер үчүн окуу китеби. Б., 2008.

2016-08-11 70 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11