Өмүралиев Ашымкан


Өмүралиев Ашымкан - (1.1. 1928, азыркы Чүй облусу, Сокулук району, Күн-Туу айылы 19. 1. 2011, Бишкек) кыргыз совет тарыхчысы, тарых илимдеринин доктору (1975), профессор (1977). 1949-жКыргыз мамлекеттик педагогикалык институтун бүткөн. 1953-55-ж. Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтунда улук окутуучу, декан, 195560-ж. Ош педагогикалык институтунун ректору, 1960-64-ж. Кыргызстан КП БКга караштуу Партия тарыхы институтунун улук илимий кызматкери, ошол эле мезгилде КМУда улук окутуучу (1961), доцент (1962), 196491-ж. КМУда кафедра башчысы, профессор, 19912006-ж. Балыкчы социалдык-экон. университетинде профессор болуп иштеген. Кыргыз ССР эл агартуу отличниги (1973). 50дөн ашык илимий эмгектин автору. Илимий эмгектери Кыргызстан КП тарыхын изилдөөгө арналган.

2016-08-11 58 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11