Өгүздүн сөзү
Апенди теңтуштары менен талаада жүрсө өгүз мөөрөйт. - Апенди, сени өгүз чакырып атат - деп, теңтуштары шакабалайт. Апенди өгүздүн жанына барып, тумшугуна кулагын тосуп турат да кайта келип: -«Эшектер менен сейилдеп жүргөнүңө жол болсун!» деди өгүзүм, - дептир.