Николенко Павел Фёдорович


Николенко Павел Фёдорович (24. 8. 1914, азыркы Чүй Облусттук, Панфилов району, Чалдыбар кыш. – 3. 1. 1983, Харьков) – Советтер Союзунун Баатыры (1943). Советтик Армияга 1941-жылы Панфилов облусунун аскер комиссариатынан чакырылган. 1943-жылы Владивостоктогу аскер-техникалык окуу жайын бүтүп, ошол жылы февралда кенже лейтенант чининде Түндүк-Батыш фронтуна жөнөтүлгөн. Улуу Ата Мекендик согушта (1941–45) взводдун, ротанын командири. 1943-жылы 6-октябрда Губин кыш. үчүн салгылашта курман болгон батальондун командиринин ордуна командирлик кылып, душмандын 9 чабуулунун мизин майтарууга жана батальондун контрчабуулга өтүшүнө жетекчилик кылган. Салгылашта өзү душмандын 6 жоокерин өлтүргөн. 1944-жылыоорусуна байланыштуу запаска чыккан. Пржевальск шаарында Мамлекеттикбанктын башчысы, эсепчи болуп иштеген. Кийин Харьковдо жашаган. Ленин, 2-даражадагы Ата Мекендик согуш ордендери менен сыйланган.