Мунара


Өмүрү калаа көрбөгөн бир досу менен Апенди калаага келиптир. Досу мунараны көрүп алып: - Муну кантип жасайт? - деп, Апендиден сурайт. - Ошону эмгиче билбейсиңби? О, кургурум десе! - дейт Апенди бышыксынып. - Муну жасаш опоңой: кудуктун ичин сыртына аңтарып туруп, тургузуп коёт.

2016-05-29 127 Бөлүм: Апендинин жоруктары

Маалыматты көчүрүү үчүн сайтка кириңиз же катталыңыз.