Мукай Элебаев - жаны турмуш жарчысы, жоокер жана жазуучу


src="/uploads/bio/mukai-elebaev2.jpg" alt="Мукай Элебаев - жаны турмуш жарчысы, жоокер жана жазуучу" align="left" width="200" height="318" class="alignleft"/>Мен жаралгам, бел байлап, эмгекчинин
Эзелден коксоп жургон арманы учун.
Омур кунум бир жолу батмайынча,
Ошолорго жумшалмак баардык кучум.

Жоокер акын, дасыккан прозаик, драматург жана котормочу, нускалуу адабият сынчысы, кыргыз совет профессионал адабиятынын негиздоочулорунун бири М.Элебаевдин омур жолу кыргыз элинин омур жолу менен тыгыз байланыштуу.

М.Элебаев Туп районуна караштуу азыркы Чонташ айылында 1906 жылы туулган. Эн эле жаш кезинде ата-энесинен ажырайт. Топ жетим Элебайдын агасы Элебестин колунда калышат. Он торт жандуу уй-булону багууга Элебестин чамасы жетпегендиктен Мукай жаштайынан эле Ыбыке ажынын коюн кайтарат, орус кулактарынын чочкосун багып, уйгур,дунган байларынын пиязын отойт.

1916- жылдын баш оона (ноябрь) айында бут Фергана областы, анын ичинде кыргыз калкынын туштук болугу элдик которулушко чыгышты. Жети-Суу областы да бут бойдон которулуштун кучагында калды. Аяк оона (декабрь) айынын башында Пишпек уездинин Атаке, сарбагыш болуштугунун эли которулот.

Ыссык-Кол аймагынан «ак падышага» каршы чыккандар жазалоочулар менен беттешууго аргасыз болушту. Аяк оонанын 10 да Каракол шаары курчоого алынып, кандуу кармаш Тогуздун (сентябрь) айына чейин созулуп, ага колдун коптогон болуштарынан катышат.

Аяк оона (декабрь) айынын аяк ченинде Фергана, Ташкент, Верный, Оренбург жана империянын башка шаарларынан ондогон жазалоочу отряддар чакырылып, аларга падыша окмоту которулушчулор менен жергиликтуу калкты аеосуз кырып, мал-мулкун талап алууну жана айыл кыштактарын тыптыйпыл кылып орттоону буюрган.

Бирок ал жерлерде которулуш женилгени менен кармашуу токтобой, Бештин айынын (март) ортосуна чейин созулат. Акыры кыргыз эли киндик кан тамган жерин таштоого аргасыз болот

Мындай тагдыр 39 болуштун эллине туш келген. Ыссык-Колдун туштук тарабы, Борбордук Тянь-Шань, Чуй, Кемин ороондорунон козголгон 70000ге жакын кыргыз Тянь-Шань тоолоруу аркылуу Уч-Турпан менен Ак-Сууну коздой бет алышты. Кыргыз элинде Улуу Уркун башталды. Урккон элдин жолдон коргон азап-тозогун айтуу мумкун эмес…

1916 жылкы козголондо бут кыргыз элинин тагдырына тура келген азаптуу, оор турмуш Мукай Элебаевдин башына да тушту. Уркунду озунун башынан откоруп, коргондорун «Узак жол» чыгармасынын узундусундо чагылдылат:

«Узак жол» - узунду:
«Туманга чуулганган тунорунку тандын суук илеби уруп жаткан. Уркуп келген эл учу-кыйырсыз талаада быкылдашып, жайма-жай. Капыстан арка жактан удаа-удаа атылган замбирек уну жанырды. Кишилер алдыга умтулушту, бирок чек аралачылар жаадырган ок дениздей толкуган элди артка сурду… Кишилер эки оттун ортосунда жандалбас ура баштады. Алар бир аз токтой калышып, кайрадан чек араны коздой жоношту. Тоо усту ый-мунга болонду. Замбирек огу дунк этти, кийинкиси жакыныраак жарылды. Эл: «кайран башка бир олум!» деген чечимге келе, чек арачылардын огун беттеп жоношту. Алга умтулган эл эч нерсеге карабады. Мына алардын жолун албуутанган Музарт дарыясы тосту. Бул жерде не деген апаат, не деген кыргын болду дейсин! Бир жерде бешигинен ажырабай аял сузуп баратса, тигинде жук-мугу менен ат чогуудо, учунчусундо – олук жээке сурулсо, тортунчусундо чогуп бараткан баланын артынан бакырган боюнча бир чал кетти, бешинчисинде – кимдир бироо олуктун жанында ыйлап – сыктоодо… Бардыгын айтууга мумкун эмес».

Урккон элдин андан аркы тагдыры, коргон куну адам чыдагыс эле. Чек арадан Аман-эсен откондорду ошол аймакта кочуп-конуп жургон калмактар талоонго алып, ансыз да алсырап турган элдин мал-мулкун, аялдарын олжолоп турушкан. Андан кийин жергиликтуу кытай тоболдору калган –каткан оокаттарын белек катары берууго мажбурлашкан. Каршылык корсоткондорду жырткычтык менен олтурушуп же мал катары айдап иштетишкен. Натыйжада ачкачылыктан, улуу тумоо (чечек) оорусунан миндеген кишилер кырылган.

Бул кыргын 1918 жылдын 16 февралында Алматыда Кенеш окмоту курулганда гана токтоп, кыргыз элинин тукум курут болуудан сактап калган. Ошондогу оор жоготулардын орду бугун да толбой, элдин журогундо калган кайгы-мундун тагы алигиче айыга элек.

Тентидик, кездик,
Таманды тештик,
Бугун мында
Эртен анда,…деп жазат бул кундор тууралуу Мукай.

Кундолук оокаттын айласы учун корунгондун эшигинде жалданып иштоого тура келди. Ушунтип жургон кезде анын бактысына тендик замана туш болот.Урккон эл тулуп, оскон жерлерине кайта баштаганда Мукай иниси Беккул экоо эптеп Ыссык-Колго келишет. Туулуп-оскон жерге кайткан кезде ал сексен жаштагы чалдан да коп корунуп, копту тушунгон 13 жаштагы «бала» эле.

Туулган жерге келгенден кийин да Мукай сыяктуу жетимдердин турмушу онолуп кете койгон жок. Анын азаптуу турмушу, омур жолу дагы эле уланып жаты. Ысык-суука аябай бышкан, сергек жаш улан жаны доордо окуп билим албай коздогон максатына жетпесине, турмуштан оз ордун таппасына толук ишенет. 1921 жылы гана «Жаны тартип окуусу» деп аталган Жылуу-Булак мектебине кирет. Ал мектепте эки айча гана окуп, Караколдогу казыналык мектепке барууну ойлонду. Анын бул максаты ишке ашып, Караколдогу жетим балдар интернатына алынат. Жазга жуук мындан жашы откон балдарды чыгарып жиберди. Мукай да ошолордун катарында эле.Кийинчерек кайрадан эски орус чиркоосунун (монастырдын) чарбагында ачылган Туптогу айыл чарба мектебине (техникумда) окуп калат. Бул окуу Мукайдын турмушу учун чон жанылык болду, анын козун ачып, жашоого жаныча жана терен кароого уйротту.

Ушинтип, илим билимге жан аябай умтулгандык Мукайды 1923 жылы Туптон Пишпектеги педагогикалык техникумга алып келет. Мына ушул учурда анын алгач акындык каадамы башталат. Замандаштарынын ичинен коп окуп, коп уйронуп, коп изденген нары ойчул, нары баамчыл акынды айлана чойросундо болуп жаткан озгоруштордун биринен сала экинчиси толкунтуп кубантат.

Танды кеч ойлоп талыгам,
Талыкшып жаным тарыгам.
Амалым жок жол кыска,
Ойлонуп жатып зарыгам….

Канткенде табам амалын,
Кокурокто жаранын.
«Алыста окуу артык» -деп,
Угамын кату кабарын.

Издеген окуу мен карып,
Эзилдим жатып саргарып.
Канат кагып жете албай,
Каламбы куру сандалып.

Кыргыз совет адабиятында аттын кашкасындай таанымал мына бул ырда бир Мукай эмес, ага окшогон жаштардын, баарынын умут тилеги, ой санаасы чагылдырылган. Андыктан «Зарыгам» жарыкка чыгары менен ооздон оозго желдей тараганы тегинден эместир.

Чынын айтуу керек, Мукай (башка кыргыз жазуучулары деле) чу дегенде эле жакшы чыгармаларын жазып жиберген жок, антиши да мумкун эмес. Мунун ошол шартка ылайык обьективдуу жана субьективдуу себептери жалпыга малым. Акындын биринчи ырлар жыйнагы 1931 жылы жарыкка чыгат.

Мындан кийинки жылдары Мукай аз жазды, бирок саз жазууга бар кучун уройт. Талыкпай изденет. Чалыкпай эмгектенет. Акындын учунчу, тортунчу китеби 1936 жана 1938 жылы «Ырлардын толук жыйнагы» деген ат менен чыгат. Автор учунчусуно уч, тортунчусуно беш гана жаны ыр кошкону болбосо, мурунку жыйнактарындагы чыгармаларын кайра бастырган.

Мукай Элебаевдин 1938 жылы жазылган «Бороонду куну» деген ангемеси – 1916 жылдагы Уркундон кийинки оз башынан откоргон «саякатчылык» турмуштун бир ирмемин чагылткан шумдуктуу баян!

«Бороонду куну» - узунду:
«… -Ушул эле болот мага, - деп ирегеде жаткан бир кап тезектин жанына тердикти жая салдым. Жаздыгым ошол боло турган. Бут сунарга жер жок. Жанымда коломто. Жатканымдан кийин талпакты суйроп келип, устумо таштап койду да, кемпир: - эртен борон бастаганда кет. Жолдо куруп каларсын, - деди кункулдоп. От очту. Уй жер кепедей карангы. Жымжырт жалгыз гана тыштан улуган бороондун кучу менен илдибары кеткен жаман узук делпилдеп, уукту сабап турду… Эртеси бул уйдон бир адам серпиле электе туруп алып, жолго туштум… Бугун карасам, ошондон бери баскан сансыз жол булбулдоп, алда кайда калган! Ырас, буга тан кала турган эчтеме жок, анткени ошол кездерде эрксиз заманда кечирген омурдун бул бир гана кункусу го!..»

Мукай Элебаев озунун ырларынын биринде «Эр жасаган акыйкат олмок эмес» деп айтуу менен акындык жоопкерчиликти эн жогоруу коет, жаралган эмгегин «Эр жасаган акыйкат» деп атап, «бир беш кундук атак, данк» учун чыгарма жазбай, Мукай чон корогочтук кылган.

Жылдар отуп,
Мезгил жетип,
Эскерткичим туболукко сакталмак.

Сонку жылдары Мукай «Салам кат» жана «Улуу марш» эки жыйнакты жаратат. Акыркы жыйнагы анын чыгармачылыгында ботончо поэтикалык кучко ээ эле. Мунун озунчо себеби бар. Мекендин мойнуна оор кун тушуп, кан куйгон согуш ар бир совет адамынын чексиз жек коруусун туудурат. Эл жерин жанынан артык суйгон патриот акын, кантип карап тура алмак? Ушинтип 1941 жылы 7 июлда атактуу ыр «Улуу марш» жаралат

Эркин кулап, кундой жумшап булосун,
Нечен жылдар аккан тердин момосун.
Тартып алсам деген кара ниеттин,
Кордугуна кантип тиру коносун?

Улуу марш, улуу сынга,
Сал баарын, эч аянба!
Эр жигит эми келди,
Сыналчуу зор маданга!

Мындай ырды жараткан акын барыдан мурда согуш майданында озу сыналууга тийиш болчу. Калем сабын автоматка алмаштырып, эл жерин фашисттик баскынчылардан коргоо учун кан майданга аттанган. Мукай Элебаев фронтто журуп, жоокерлерди элин-жерин суйууго, аны коргоого ундогон дагы коп ырларды жараткан.

Мукайда котормочулук талант да озгочо болгон. Ал Д. Фурмановдун «Козголону», Н. В. Гогольдун «Шинели», «Олук жандардын» айрым главалары, М.Горькийдин, А. С. Пушкиндин, Жан Батис Мольердин, Ч. Диккенстин, Маяковскийдин жана дагы башкалардын ырларын кыргызча кайра жараткан.

Кыргыз адабиятында Мукайды биз озунун поэтикалык ажары бар, башкаларга окшошпогон чон акын гана эмес, ырларындагыдай создору корком, терен жана курч, тили элпек, так жана образдуу ири прозаик катары билебиз.

Коп отпой Улуу Женишке аз гана кундор калганда 1944 жылы аскер командованиесинен телеграмма келди. Анда: «Кыргызстандын эр журок уулу Мукай Элебаев 1944 жылы 15-майда душман менен баатырларча салгылашып жатып курман болду» деген кыска создор бар эле.

Ошентип Мукай Элебаевдин соогу Псков областындагы Лонова - Гора деген жерде «Боордоштор мурзосундо» коюлган.

Жашоонун ачуу даамын таткан Мукай
Тайманбай турмуш сырын ачты Мукай
Эскерип омур жолун шашпай айтсак
Озунчо бир роман дастан Мукай

Боор эли бактылуусун Балан Мукай
Кыргыздын инсан уулу Адам Мукай
Эскерип эли журтун эстеликти
Моминтип куруп берди саган Мукай

Согуштун оор кундорун кордун Мукай
Омурун оксуп, эрте оттун Мукай
Жетелеп Беккулунду коздун жашын
Уркундо жетим калып, токтун Мукай

Омурдун торттон бирин ыргап Мукай
Откордун омур кунун жыргап Мукай
Кыргыздын улан кызын окусун деп
Ундогон «Зарыгамын» ырдап Мукай

Канатын кыргызым деп жайган Мукай
Азамат адам эле кайран Мукай
Окудук «Узак жолун» эки сыйра
Жашоонун сырын ачып жазган Мукай

Эл журтун ар убакта эстейт Мукай
Элесин эл эсинен кетпейт Мукай
Кылымдан кылым отуп сакталасын
Откон иш эч айланып келбейт Мукай

Кыргыздын инсан уулу Кайран берен
Ишин зор омур кыска болгон менен
Элиндин жасап жаткан чон кызматы
Кут болсун Маараке той саган деген.


Чон-Таш айылындагы музей

Учурда Мукай Элебаевдин туулган жери Туп районуна караштуу Чон-Таш айылында Мукай Элебаевдин музейи бар, Туп районунун Талды-Суу айылынын мектебине Мукайдын ысымы берилип, Ош облусунун Базар-Курган районунун №13 мектебинедагы Мукай атабыздын ысымы берилген. Туп районуна караштуу айылдарда коптогон кочолор Мукай Элебавдин наамы алып, Туп районунун борбору Туп айылында борборлоштурулган китепканага Мукай Элебаевдин наамы берилген.


Мукай Элебаев атындагы борборлоштурулган китепкана
2016-05-23 4095 Биографиялар Жыргалбекова С. 2016-05-23