«Кыргыз тилим өнүксүн» сынагына катышыңыз! (2-сынак)

Масалиев Апсамат Масалиевич


Масалиев Апсамат МасалиевичАпсамат Масалиев 1933-жылы 10 апрелде Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы Кадамжай районуна караштуу Алыш айылында туулган, Москва тоо институтун жана Алма-атадагы жогорку патиялык мектепти бүтүргөн. Таш-Көмүр горком партиясында катчы, Фрунзе горисполкомдо төр ага, Кыргыз Компартиясынын Борбордук Комитетинде катчы, Ысык-көл обком партиясынын биринчи катчысы, андан соң Москва шаарынын ЦК КПССинде биринчи катчы болуп эмгектен. СССРдин Жогорку Кеңешинин үчүнчү чакырылышында депутат болуп шайланып, ошондой эле Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин бешинчи чакырылышында да шайланган. 1990-жылы Кыргызстандын биричин Президенттик шайлоосунун парламент сессиясында Аскар Акаевге уттуруп койгон. Ошондон кийин Апсамат Масалиев Жогорку Кеңештин экинчи чакырылышында депутат болуп шайланган. Кыргыз Республикасынын Баатыры наамына ээ болуп, 3-даражадагы Манас ордени менен, Октябрь Революциясынын ордени, Эмгек Кызыл Туу эки ордени, Шериктештик ордендери менен сыйланган.



Апсамат Масалиевич Масалиев 1933-жылдын 10-апрелинде Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы Кадамжай районуна караштуу Алыш айылында туулган. Советтик, кыргыз партиялык жана мамлекеттик ишмер.



1953-жылы Кызыл-Кыя тоо техникумун, 1956-жылы Москва тоо институтун, 1964-жылы Алма-Ата Жогорку партиялык мектебин бүтүргөн.



1957-1962-жылдары шахта башкы инженеринин орун басары, Кыргызкөмүр трестинин башкы инженеринин жардамчысы, Ош обком партиясынын өнөр-жай-транспорт бөлүмүнүн инструктору, андан соң Кыргыз Борбордук Комитетинин Компартиясынын жана Кыргыз ССРинин Министрлер Кенешининин мамлекеттик партия көзөмөлдөө комитетинин инспектору, Ош облусунун эл башкаруу комитет төр агасынын орун басары.



1966-1971-жылдары Ош обком партиясынын өнөр-жай-транспорт бөлүмүнүн жетекчиси, Кыргызстан Борбордук Комитет Компартиясынын өнөр-жай-транспорт бөлүм башчысынын орун басары, Таш-Комур горком партиясынын биринчи катчысы, Кыргызстан Борбордук Комитет Компартиясынын өнөр-жай-транспорт бөлүмүнүн башчысы.



1972-1974-жылдары Фрунзе горисполкомунун төр агасы.



1974-1979-жылдары Кыргызстан Борбордук Комитет Компартиясынын катчысы



1979-1985-жылдары Ысык-көл обком партиясынын биринчи катчысы



1985-жылы ЦК КПССтин инспектору.



1985-жылдан 1991-жылга чейин Кыргызстан Борбордук Комитет Компартиясынын биринчи катчысы



1991-жылдын апрель-август айларында ЦК КПССтин идеологиялык бөлүмүнүн консультанты.



1993-1996-жылдары Кыргыз Республикасынын Госгортехнадзорунун директору.



Борбордук Шайлоо Комиссиясынын Кыргызстан Коммунисттер Партиясынын төр агасы.



2004-жылдын 31-июлунда 71 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.



Апсамат Масалиевдин иштешкендери, жан-курдаштары аны Чыныгы демократ адам болуучу деп эскеришет.
2016-05-23 411 Биографиялар Жыргалбекова С. 2016-05-23