Баланын бешик тою өткөрүлүп, келген эл атын - Ашырбек койду. Миндибай токойдон көргөн баланын аты - Манас болчу деди. Эл анын айт - канын туура көрүп Ашырбек - Манас болсун дешти. Сегизге жашы келгенде тентектиги ашынган Манасты атасы ка - гылып-согулуп эс кирсин ..деп койчусу Ошпурга кой кайтарууга берди. Ошпурдун коюн талаага союп, ар нерселерди сурап, бербей койгондо, кой - ду тартып алып, тентек кылат. Ошпур Жакыпка даттанат. Манас үйүнө кай - тат. Жолдон калмактарга жолугушат. Жакыпка кол салып, сабап киришет. Атасына болушкан Манас, алардын башчысы Кортукту укурук менен баш - ка чаап өлтүрөт. Кортуктун баласы Шакум Манаска жардам берип, чогуу алтайлык калмактарды талкалап кууп чыгышат. Ошентип Манас 15ке толот. Манас жолдоштору менен сүйлөшүп салбырынга чыкмак болот. Сал - бырында жүргөндө, Манас төрө болуп шайланат. Балдар чоролору болуп калат.