Манастын ата-теги Байгурдан башталат. Байгурдан Бабур, Бабурдан Төбөй, Төбөйдөн Көгөй, Көгөйдөн Ногойхан, Ногойхандан Жакып, Жа - кыптан Манас. Манастын чоң атасы Ногойхан Чыңгызхандын жээни. Но - гой Чыңгызхандын кызынын уулу. Ногойхан он төрт жашында миң башы болот. Кырк жыл мамлекетке көзөмөлдөө жүргүзөт. 1286-1306-жылдардын аякы жыйырма жылдын ичинде Алтын Ордодо бийлик үчүн үзгүлтүксүз күрөштө 25 хан алмашат. Бийликке Чыңгызхандын эң кичүү уулу Токто - каган келет. Ал бүт 25 хандын өлүмүндө Ногойхан күнөөлүү экенин айтып ага согуш жарыялайт. Токтокаган менен болгон согушта Ногой жеңилип 17 аскери менен качат. Ошол убакта Ногой 80 жашта эле. 1306-жылы Ногой өлөт. Алтын Ордодо ал 60 жылдан ашык жашаган. Анын достору, үй-бүлөсү, дайыма аны менен чогуу болчу. Токтокаган анын үй-бүлөсүн Алтын Ордодон кууп жиберет. Ногойдун балдары - Жакып, Бай, Орозду, Үсөн (Көзкаман) Чың - гызхан империясынын ар кайсы аймактарына айдалат. 16 жашка чыккан Жакып Манастын атасы Алтайга айдалат. Жакып Алтайдан Чаянхандын кызы Бакдөөлөттү алат. Кайнатасынын жардамы менен аябай бай киши бо - лот. Анын 48 миң аты болгон. Бирок көп жылдар бою баласы жок болгон. Болжол менен 1346-жылы 56 жашында уулдуу болот. Манасты Жакыптын улуу аялы Чыйырды төрөйт. (Чыныгы аты - Шакен). Манас курсактан түшкөндө үнү 30 кишиникиндей болуп, уучуна кан чеңгелдеп түшөт. Оозанткарда бир карын майды жеп коёт. Жакыпка Акбал - та сүйүнчүлөп барганда, ал жалдуу кула бээни туудуруп, Аккула кулунду кармап отурган экен. Бул кулун кийин, Манаска ат болуп калат.

Манас эпосундагы Манастын ата-теги, төрөлүшү


Манастын ата-теги Байгурдан башталат. Байгурдан Бабур, Бабурдан Төбөй, Төбөйдөн Көгөй, Көгөйдөн Ногойхан, Ногойхандан Жакып, Жа - кыптан Манас. Манастын чоң атасы Ногойхан Чыңгызхандын жээни. Но - гой Чыңгызхандын кызынын уулу. Ногойхан он төрт жашында миң башы болот. Кырк жыл мамлекетке көзөмөлдөө жүргүзөт. 1286-1306-жылдардын аякы жыйырма жылдын ичинде Алтын Ордодо бийлик үчүн үзгүлтүксүз күрөштө 25 хан алмашат. Бийликке Чыңгызхандын эң кичүү уулу Токто - каган келет. Ал бүт 25 хандын өлүмүндө Ногойхан күнөөлүү экенин айтып ага согуш жарыялайт.…

Толук маалымат менен таанышуу акылуу, 1 күнгө - 100 сом, 30 күнгө - 500 сом, 365 күнгө - 5000 сом. Алгач сайтка катталыңыз же катталган болсоңуз аккаунтуңузга кириңиз.

Аталган баалар физикалык жактарга гана, ал эми юридикалык жактар, мамлекеттик мекемелер, жеке ишкерлер үчүн support@tyup.net дарегине кайрылуу зарыл.

Жайгаштыруу: 2017-06-05, Көрүүлөр: 29824, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-06-05

Бекжан Жумабеков Ишенбаевич
Тарыхта уйгур келет байгур да айтылат угуз кагандын урпактары деп
Марзия
Бул тема сонун