Макаров Владимир Петрович (17. 1. 1944-жылы туулган, РФ., Свердлов областы, Карпинск шаары) – физика-математика илимдеринин доктору (2001), техника илимдеринин доктору (2007), профессор (2004). Томск мамлекеттик университетин (1969), Воронеж политехника институтунун аспирантурасын (1983) бүтүргөн. 1969-жылдан Кыргыз ССР Илимдер академиясынын Физика институтунда инженер, кенже, улук илимий кызматкер (1971–90), 1990-жылдан лаборатория башчысы. 2001-жылдан ошол эле жерде Маркетинг жана инновация (жаңылануу) башкармалыгынын башчысы. Физика институтунда лаборатория башчысы (2004–06), 2006-жылдан улук илимий кызматкер, ошол эле учурда КРСУда профессор. Макаров конденсацияланган абал, композициялык материалдар, наноматериалдар боюнча адис. 100дөн ашык илимий эмгеги, анын ичинде 3 монографиясы жарык көргөн. 4 патент жана автордук күбөлүктүн ээси. Эмгектери: Закономерности развития сложных систем. Л., 1980, Влияние качества поверхности частиц на кинетику реакционного спекания нитрида кремния. Екатеринбург, 2005.
Бөлүмдөр
- Адабият
- АКШнын кыскача тарыхы
- Апендинин жоруктары
- Бадыраң өстүрүү
- Бала гигиенасы жана тамактануусу
- Башкалар
- Биографиялар
- Бул ким, ал эмне
- Ветеринария
- Гороскоп
- Жаңылыктар
- Жомок уламыштар
- Кол өнөрчүлүк
- Кыргыз тамак-аштары
- Кыргызстандын тарыхы
- Күндөр
- Медицина
- Пайдалуу кенештер
- Психология
- Ырдайлы кыргыз ырларын
- Өлкөлөр жана шаарлар
Издөө
Соңку пикирлер