Май өсүмдүктөрү

Май өсүмдүктөрү - данынан же мөмөсүнөн май алуу үчүн өстүрүлүүчү бир жана көп жылдык өсүмдүктөр. Май бул өсүмдүктөрдүн уругу менен мөмөсүндө топтолот. Аларга татаал гүлдүү өсүмдүктөрдөн – күн карама, сафлор, чанактуулардан – май буурчак, жер жаңгак, эрин гүлдүүлөрдөн – перилла, ляллеманция, кайчы гүлдүүлөрдөн рапс, горчица, репейник, кычы, ошондой эле булалуу өсүмдүктөрдөн – гозо, зыгыр жана эфир майлуу өсүмдүктөрдөн – кариандр, тмин, анис кирет. Кээ бир дарак өсүмдүктөрдүн (пальма, какао, жаңгак, миндаль, кедр, өрүк шабдалы ж. б.) данектеринен эң баалуу май алынат. Ар кандай өсүмдүктөрдө, мисалы, күн карамада – 29–57%, сояда 15– 26%, кычыда 20–45%, кене данда 48–55%, зыгырда 35–52%, жер жаңгакта 41–57%, кунжутта 50–56% май болот. Майдын курамы жана сапаты климатка, жер кыртышына, өсүмдүк сортуна, агротехникалык ыкмаларга жараша болот. Май буурчактын майы дүйнөдө өндүрүлгөн өсүмдүк майынын 38%ин түзүп, биринчи орунда турат. Экинчи орунду (17%) күн караманын майы ээлейт. Май буурчактын майынан боёчу заттар, жасалма жүн, пластмасса, желим ж. б. көптөгөн эл чарбасына керектүү заттар алынат. Кыргызстанда май алуу үчүн күн карама, сафлор, кычы, рапс, кунжут, жер жаңгак ж. б. эгилет.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)