Кыргызстандын айыл чарбасы

Кыргыз Республикасынын айыл чарбасы биздин өлкөнүн экономикалык ишмердигинин негизги жана артыкчылыктуу түрү болуп эсептелет, анын үлүшүнө ички дүң, продуктунун болжол менен 30 проценти туура келет. Мамлекеттин агрардык саясатынын негизги максаты болуп өлкөнүн азык-тулук коопсуздугун жана экспорттук потенциалын камсыздоочу натыйжалуу атаандашууга жөндөмдүү айыл чарба өндүрүшүн түзүү саналат. Айыл чарба продукциясынын негизги өндүрүүчүлөрү болуп калктын фермер чарбалары жана жеке менчик көмөкчү чарбалар эсептелет. Алардын үлүшүнө өндүрүлгөн продукциянын 97 пайызы туура келет.

Мамлекеттик чарбалар айыл чарба продукцияларынын бүткүл көлөмүнүн 0,7 пайызын, коллективдүү чарбалар 2,7 пайызын чыгарат. Республиканын айыл чарбасы негизинен дан чарбалары, жашылча жана картошка өстүрүү, техникалык өсүмдүктөр - пахта, тамеки жана кант кызылчасын өстүрүү өнүккөндүгү менен мүнөздөлөт. Кыргызстандын салкын климаты, шалбаалуу жакшы жерлери жана жайыттары бар тоолуу жерлер мал чарбасын, айрыкча кой, жылкы жана топоз чарбаларын өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түздү. Азыркы убакта республикада малдын жана үй канаттууларынын негизги түрлөрүнүн башынын көбөйтүү тенденциясы байкалат.

Комментариев: 1 RSS

1 Мадина 28-02-2019 09:14

Саламатсыздрбы? Бул качанкы маалымат, мага кыргызстандын айыл чарбасынын картошка ондуруу боюнча акыркы 5 жылдын статистикасы керек эле бар болсо бере аласыздарбы? Мен Ош Мамлекеттик университетинин 4-курсунун студентимин эконометрика деген сабактан керек болуп жатты эле. Рахмат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)