Кыргызстан

Жер аянты - 198500 чарчы/чакырым. Калк - 5 миллиондон ашык адам. Кыргызстан - Борбордук Азиянын ортоңку бөлүгүнөн орун алган. Жерибиз тоолуу. Тянь-Шань тоо кыркалары жүздөгөн чакырымдарга созулуп жатат. Ак кар, көк муз басып, күнгө чагылышып күмүштөй жаркыраган чокулар асман тирейт. Алардын эң бийиктери Жеңиш, Хан теңир, Ленин атындагы чокулар. Too арасындагы капчыгайларда таш агызган албуут суулар шаркырайт.

Мына ошол асман мелжиген тоолордон ылдый өрөөндү көздөй түшкөн адам түндүктөн түштүктү көздөй саякат курган сыяктанат. Түндүк - бул бийик чокулардагы түбөлүк жаткан ак кар, көк муз. Андан ылдый көк шиберлүү, гүлдөр жайнаган жайлоо башталат. Мында төрт түлүк мал жайылып жатат. Андан ылдыйлаганда чытырман токойго капталасың. Бул жерде карагай, арча, шилби, табылгы, итмурун, бөрү карагат жана чыныкарагат сыяктуулар өсөт. Ал эми Кыргызстандын түштүк жагында - Кызыл-үңкүр, Арстанбап, Аркыт, Каралма деген жерлерде калың жаңгак токойлору бар. Дүйнө жүзүндө мындай зор массивдеги токой жок. Too этектеринде мээ кайнаткан ээн талаалар, жарым чөлдөр созулуп жатат.

Бул жерге эрте жазда гана жан кирип, чөп көгөрөт. Андан кийин кыш келип кар түшкөнчө бозоруп жатканы жаткан. Ошентип Кыргызстандын жаратылышы көп түрдүү. Анда ак калпак тоолор менен шибери буралган жайлоолор, ажайып токойлор эле эмес, көз кубанткан көркөм көлдөр жана асыл, түшүмдүү өрөөндөр да көп. Дүйнөдөгү эң чоң жана терең тоо көлдөрүнүн бири - Ысык көл кышында тоңбойт. Ал деңиз деңгээлинен 1608м бийиктиктеги кооз өрөөндө чалкып жатат.

Анын таза абасы, минералдуу дары суулар менен баткактары далай оорулуулардын дартына шыпаа болот. Кооз Соңкөл менен Чатыркөлдүн тегереги - төрт түлүк малдын мекени. Too арасындагы токойлорго чулганып жаткан суусу тунук Сарычелек көлү - Кыргыз жергесиндеги эң көркөм жерлердин бири. Кыргызстанда сурьма, сымап, темир, марганец, алюминий, алтын, күмүш жана башка металлдар казылып алынат. Таш көмүр, нефть да чыгат. Совет бийлигинин жылдарында экономикалык жана маданий турмуш жагынан зор жогорулашка жетишти. Өнөр жайы дээрлик болбогон Кыргызстанда азыр кийим, кездеме, килем эле эмес ар түрдүү татаал машиналар да жасалып чыгарылат.

Биздин республика Орто Азия аймагында электр энергиясын өндүрүү боюнча Тажикстандан кийин 2-орунда турат. Эмгекчи эл окторулган тоо сууларын ооздукташып, суу сактагычтарды жана гидроэлектр станцияларды курушту. Республикадагы эң чоң Нарын дарыясында Атбашы, Үчкор-гон, Токтогул, Күрпсай, Таш-көмүр, Шамалдысай ГЭСтери курулду. Too арасында буркандап аккан сууга ГЭС куруу оңой эмес. Токтогул ГЭСиндеги зор суу сактагычтын плотинасынын бийиктиги 217м экендигин элестетип көргүлөчү! Андан шаар-кыштактарга, өнөр жай ишканаларына, чарбаларга электр энергиясы, талааларга суу барат. Республикабыздын көпчүлүк калкы Ысык-көл, Чүй, Талас, Фергана өрөөндөрүндө жашайт.

Аларда жер күрдүү келип дыйканчылыкка ыңгайлуу. Мында аба ырайы жылуу, өзөндөр кеңейип жайыраак агат. Ошондуктан бул жерлерде мал чарбасы эле эмес дыйканчылыкты да жүргүзүүгө шарт бар. Айдоо аянттарында арпа, буудай, жүгөрү, кант кызылчасы, жашылчалар, коон, дарбыз өстүрүлөт. Түштүктө пахта, тамеки аянттары жайкалып жатат. Алма, алмурут, шабдалы өскөн жемиш бактары да көп. Биздин ата-бабаларыбыз бир кезде негизинен мал чарбачылыгы, ошондой эле дыйканчылык менен да кесиптенишкен. Кыргыздардын тарыхы өзүңөргө белгилүү 2200 жылдан ашуун мезгилди камтыйт.

Бир кезде кыргыздардын күчтүү мамлекети болуп, маданияты өнүккөн эл болгон. Кыргыздардын ошол кездеги тарыхы байыркы булактарда сакталып ушул күнгө чейин жеткен. Келечекте балким силердин ичинерден да элибиздин тарыхын терең изилдеген окумуштуулар чыгып, кыргыздардын дагы белгисиз тарых сырлары ачылаар. Ата-бабаларыбыз негизинен көчмөн турмушта жашап, мал айдап жайыттан жайытка көчүп жүрүшкөн, кой, эчки, жылкы, төө, уй багышкан. Көчмөн турмушка эң ылайык келген боз үйлөрдө жашашкан. Азыр да мал чарбасы - республикадагы негизги эл чарба тармактарынын бири. Республика уяң жүндүү койлору, сүттүү уйлары, күчтүү, чыдамкай жана күлүк жылкылары менен сыймыктанат.

Муруңку көчмөндөр жумушчулук кесиптерди өздөштүрүшүп, көпчүлүгү инженер, илимпоз, врач болушту. Республикада өнөр жайы, айыл чарбасы менен катар илим, маданият да өстү. Улуу Ата Мекендик согушта да, эмгек майданында да туруктуулукту, каармандыкты көрсөттү. Кыргызстан эчен миңдеген уул-кыздарын майданга жөнөткөн. Кыргызстандык панфиловчулардын, башка баатыр жоокерлердин эрдиги тарыхта түбөлүккө калат. Азыр республикада кыргыздар менен катар орустар, украиндер, өзбектер, дуңгандар жана башка улуттардын өкүлдөрү биргелешип ынтымактуу жашап, эмгектенип жатышат. Баарыңарга белгилүү, 1991-жылы Кыргызстан эгемендүү Республика катары жарыяланып, өнүгүүнүн демократиялык жолуна түштү. Өлкөдө бир топ өзгөрүүлөр болуп, жаңы конституция, герб, гимн кабыл алынды. Кыргызстанды өз алдынча мамлекет катары бүткүл дүйнө тааныды.

Республиканын борбору - Бишкек шаары өнөр жайдын, илимдин, маданияттын очогуна айланып, шаар Кыргыз Алатоосунун түндүк этегинде, Чүй өрөөнүнүн борбордук бөлүгүндө, деңиз деңгээлинен 700-900м бийиктикте жайгашкан. Бишкек - Борбор Азиядагы ири шаарлардын бири жана Кыргызстандын эң чоң шаары. Шаар 1825-жылы чеп катары негизделип, 1878-жылы Бишкек уездинин борбор шаары укугун алган. 1924-жылы Кыргыз автономиялуу облусунун саясий-администрациялык борборуна айланган, 1926-1991-жылдары Фрунзе шаары аталып, 1991-жылдан ага тарыхый өз аты кайтарылып берилген. Кыргызстандын аймагы жети облуска бөлүнгөн. Облустар өзүнүн ээлеген аймагы, табигый шарты, экономикасы, чарбасы, калкынын саны боюнча бири биринен айырмаланып турат. Баткен облусу республиканын түштүк-батышынан орун алган. Облустун аймагында 3 район, 4 шаар, 5 шаарча жана 189 айыл бар. Борбору - Баткен шаары. Кен байлыктардан өтө сейрек кездешүүчү кендер - Айдаркенден сымап, Кадамжайдан сурьма жана Сүлүктүдөн көмүр чыгат.

Дыйкандар негизинен тамеки, картошка, жашылча өстүрүшөт. Өзгөчө Баткендин кургатылган өтө таттуу өрүк-мейизи республиканын эле калкына эмес, чет элдиктерге да жакшы белгилүү. Жалал-Абад облусу да республиканын түштүк-батышынан орун алган. Облустун аймагы 8 районго бөлүнөт, анда 5 шаар, 8 шаарча, 415 айыл бар. Облустун борбору атактуу Жалал-Абад курорту жайгашкан Жалал-Абад шаары. Кен байлыктарынын ичинен облус өзгөчө отун-энергетикалык ресурстарга бай. Аймак аркылуу өткөн Нарын суусунда Күрпсай, Үчкоргон, Ташкөмүр, Шамалдысай, Токтогул ГЭСтери курулган. Ошондой эле нефть, газ, ташкөмүр, марганец жана башка көптөгөн кендер өндүрүлөт. Жалал-Абад чөлкөмүндөгү сейрек кездешүүчү жаңгак токойлорунун атагы бүтүн дүйнөгө тараган.

Курамына 5 район, 1 шаар, 2 шаарча, 132 айылды камтыган тоолуу Нарын облусу Кыргызстандын түштүк-чыгышынан орун алган. Аймактан өтө түрдүү кен байлыктар табылган. Облустун жери негизинен бийик тоолуу аймак болгондуктан, калкы мал чарбачылык менен кесиптенишет. Бул жерде өзгөчө кооз Соңкөл, Чатыркөл деген көлдөрү, атактуу Аксай, Арпа жана башка өрөөндөрү, бийик-бийик тоолору бар. Облустун борбору - Нарын шаары. Республиканын түштүгүндөгү Ош облусуна 7 район, 3 шаар, 2 шаарча, 469 айыл-кыштактар баш ийет. Борбору - Ош шаары. Облус негизинен Фергана өрөөнүндө жайгашып, жери дыйканчылыкка өтө ыңгайлуу болгондуктан, ал жердегилер түркүн жемиштерди, бакча өсүмдүктөрүн, дан эгиндерин өстүрүшөт.

Аймакта 3000 жылдан ашык тарыхы бар Ош шаары, орто кылымдардан калган тарыхый эстеликтери менен көпчүлүк элге белгилүү - Өзгөн шаары жайгашкан. Ал эми республикабыздын борбору Бишкек шаары жайгашкан аймак Чүй облусу деп аталат. Чүй облусу республиканын түндүк бөлүгүнөн орун алып, анын карамагында 8 район, 43 шаар, 6 шаарча бар. Борбору Токмок шаары. Сары озон Чүй аталган өрөөндө негизинен дыйканчылык, ошондой эле мал чарбасы менен да кесиптенишет. Аймакта өнөр жай ишканалары, илимий изилдөө мекемелери, ар кандай окуу жайлар орун алган.

Ысык көлдү кимдер гана билбейт. Ошол ыйык көлүбүздүн аймагы - Ысык көл облусу деп аталат. Анын курамына 5 район, 3 шаар, 5 шаарча кирет жана көптөгөн айылдар бар. Облустун борбору Каракол шаары. Калкы дыйканчылык жана мал чарбачылыгында эмгектенишет. Чөлкөмдө дарылык касиети бар көптөгөн минералдуу булактар бар. Алардын базасында Жети-өгүз, Жыргалаң, Кыргыз деңизи жана башка көптөгөн курорт, санаторийлер иштейт.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)