Кыргыздар «Эмне улук?» деген соболго минтип жооп берген:
«Теңир улук, Күн улук,
Төбөсү ачык Көк улук,
Жан-жаныбар бүт улук.
Жарык улук, от улук.
Ордо күткөн журт улук,
Төшү түктүү жер улук,
Адам улук, жан улук.
Кыргыздардын жакшы алым-сабак макалы бар:
Тирүү жандын атасы - Күн,
Энеси - Жер Каны - Суу,
Жаны - Аба».
Ошентип, бабалар Күнгө сыйынышкан. Хандын ак ала ордосунун эшиги күн чыгышты карап тигилген. Күн чыкканда ага жүгүнүшкөн. Күнгө акарат кылышкан эмес. Сак доорунда (б.з.ч.) күн баш адамдарды аска бетине тартышкан. Адамдын башы күн болгону - улуу кереметти (символду) айтып турат.
Жайгаштыруу: 2017-08-11, Көрүүлөр: 789, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-08-11
Талкулоо/Пикирлер