Кыдыкеева Бакен


Кыдыкеева Бакен - СССРдин эл артисти, Кыргыз совет театр жана киноартисти.

Бакен Кыдыкеева, 1923-жылы, 20-октябрда Төкөлдөш айылында, азыркы Бишкек шаары туулган – 1993-жылы 30-декабрда, Бишкекте жол кырсыгынан көз жумган.

Борбор Азия элдеринен чыккан улуу таланттардын алдыңкы катарында турган улуу актриса. Мугалимдин үй-бүлөсүнөн тарбия алган.

Чыгармачылык жолун 1936-жылы Бишкектеги жаш көрүүчүлөр театрынан баштаган.

1941-жылы Каракол драма театрында, 1942-43-жылдары Нарын театрында, 1944-жылдан 1989-жылга чейин Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында артист. 1990-1993-жылдары Кыргыз республикалык жаш жеткинчектер театрында (ТЮЗ) иштеген.

Ысымы Кыргыз республикалык жаш жеткинчектер театрына (ТЮЗ)берилген (2000-жыл).

Токмок шаарында эстелиги коюлган.

Чүй облусу республиканын театрларынын мыкты актрисаларынын эмгектери үчүн Бакен Кыдыкеева атындагы сыйлык уюштурган.

Драматург Ж. Кулмамбетов Бакен Кыдыкеева жөнүндө "Талант жана тагдыр" деген драма жазып, ал 2004-жылы Б. Кыдыкеева атындагы Кыргыз республикалык жаш жеткинчектер театрында (ТЮЗ) коюлган. .

Б. Кыдыкеева кыргыздын легендарлуу актрисасы. Ал 20-кылымдагы кыргыз улуттук театры менен киносунун карылгачтарынын катарына кирет. Алгачкы ролу испан драматургу Лопе де Веганын "Койлуу булак" баатырдык драмасындагы Лауренсиянын ролу менен кыргыз көрүүчүлөрүнө дароо таанылган. Б. Кыдыкеева трагедияны, драманы, комедияны бирдей деңгээлде ойной билген универсал талант. Айрыкча психологиялык образдардын өтө кылдат устасы. Кыргыз театры менен киносунун өтө ак сөөк таланты.

Кыргыздын алгачкы толук метраждуу көркөм фильми "Салтанатта" Салтанаттын ролун аткарып, кыргыз элин СССРге жана дүйнөгө тааныткан.

Кыргыз совет эниклопедиясы, Фрунзе, 1977, 2-том.

"Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия" Бишкек 2003.

"Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору"

"И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети"

"Башкы ред. ү. А. Асанов, жооптуу ред. А. А. Асанканов".

"Ред кеңеш: Ө. Ж. Осмонов (төрага) Т. Н Өмүрбеков"

› Книги ...

2016-08-05 129 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-05