Курбанов Абдил-Ахат


Абдил-Aхат Курбанов (1955) – кыргыздын заманбап журналисти, түпкү теги – Тажикстандын Жерге-Тал районунан. Учурда Кыргызстандын Чүй облусуна караштуу Сокулук районундагы «Эл Жарчысы/Элдик Трибуна» гезитинде эмгектенет.

1955-жылы ал кездеги Тажик ССРинин Гарм облусунун Жерге-Тал районундагы Жаңы-Шаар кыштагында багбандын үй-бүлөсүндө туулган.

1972-жылы Жерге-Тал районунун Кашка-Терек айылындагы Гоголь атындагы (азыркы Бакир Жумаев ат.) №5-кыргыз орто мектебин бүтүргөн.

Ал Бишкек шаарындагы (мурдагы Фрунзедеги) Кыргыз Улуттук университетинде журналистика факултетин аяктаган.

Жерге-Тал райондук "Кара-Тегин" газетасынын редакциясында адабий кызматкерден баштап редактордун орун басары кызматтарына чейин иштеген. Бул гезит 1934-жылдын 7-ноябрь күнү кыргыз тилинде "Ленин жолу" деген аталышта жарык көргөн. Аталган гезиттин аты 1961-жылы "Коммунист", 1991-жылы "Кара-Тегин", 2013-жылдан "Паёми Жергатол" ("Жерге-Тал кабарлары") деп өзгөргөн. Тажикстан КП Жерге-Тал райондук комитетинин инструктору.

1983-жылы СССР Журналисттер Союзунун мүчөлүгүнө кабыл алынган.

1986-жылы Тажикстан Журналисттер Союзунун 5-съездинде республиканын Журналисттер Союзунун башкармалыгынын мүчөсү болуп шайланган.

1992-жылдан Тажикстан Журналисттер Союзунун мүчөсү.

1999-жылдан Кыргызстан Журналисттер Союзунун мүчөсү.

1996-жылы Кыргызстанга көчүп келген.

Азыр Кыргызстандагы Чүй облусуна караштуу Сокулук шаарчасында «Эл Жарчысы/Элдик Трибуна» гезитинин редакиясынын кызматкери.

М. Турсунзаденин "Ширинжаным", "Азиянын авазы" поэмаларын, тажик жазуучулары Ф. Мухаммадиев, П. Толис, Б. Гани, А. Самадов ж. б. сыяктуу жазуучулардын аңгеме-повесттерин, фарсы-тажик адабиятынын классиктери О. Хайёмдун, Саадинин, Жаминин ж. б. бир катар рубаилерин, китъаларын, ырларын кыргыз тилине которгон.

"Өрүк көчөтү", "Эне керээзи", "Асан-үсөн", "Пахтачы келин жана паксачы жигит", "Махам", "Бала", "Тоолор баарын билет" ж. б. у. с. сыяктуу аңгемелери, "Жердешиң болом, садагасы", "Говорят закон чыгыптыр" аттуу сатиралык аңгемелери, бир катар тарыхый-этнографиялык очерктер жана ырлары басма сөз беттеринен жарык көргөн.

"Эр Манасты ак бешикке бөлөгөн Саадини да ошол эне төрөгөн" аттуу поэмасы менен "Исхак казы баяны" аттуу документалдуу повести, Кара-Тегин кыргыздарынын оозунан жазып алынган "Токтожан", "Гожомжаш", "Кыз Мактым", "Аксаткын менен Кулмырза" дастандары, көптөгөн элдик, ашыглык, санат-насыят ырлары, өлөңдөр, кошоктор, макал-лакаптар, табышмактар, масалдар менен тимсалдар басууга даярдап коюлган.

Тажикстандык кыргыздардын үрп-адат, салт-санаа, расим-ражаларына, эл-жер тарыхына байланыштуу бир катар макалалары жарык көргөн.

1984-жылы Тажикстан Журналисттер Союзунун, Тажик ССР басма сөз, полиграфия жана китеп соодасы министрлигинин Ардак грамоталары, 1994-жылы Тажик Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланган.

2014-жылы Эл аралык ТүРКСОЙ, Түрк элдеринин "Евразия" жазуучулар биримдиги "Жаңы Ала-Тоо" журналы менен бирдикте өткөрүп, Түркиянын премьер-министри каржылаган жылдын мыкты аңгемеси үчүн жарыяланган Махмуд Кашгари атындагы "Арча" адабий сынагына "Анар" деп аталган агемеси менен катышып экинчи орунду ээлеп, диплом, кубок жана акчалай сыйлык менен сыйланган.

Аялы Курбанова Махфиза Кудратовна, 1957-жылы туулган, Баатыр-эне. Кесиби боюнча ашпозчу.

Балдары Абдулвохид, Айсалкын, Толгонай, Манасбек, Каныбек, Жаныбек, Чолпонай, Бакытбек жана Нурланбек аттуу тогуз уул-кыздын атасы, 13 небереси бар.