Кулакка тартуу

Кулакка тартуу Совет бийлиги 20-жылдардын ичинде кулактарга чектөө саясатын жүргүзсө, 1929-ж. ылы 27-декабрынан «Кулактарды тап катары жоюу» жарыялангандан кийин Кыргызстандагы оокаттуу дыйкандарга кирген кулактарга массалык репрессия баштаган. Чындыгында, Кыргызстанда кулактардын саны өтө аз болгон. 1929-жылы салык эсеби боюнча Кыргызстандын аймагында жалпы дыйкан чарбалардын 1,8%ин түзгөн 3406 гана кулак чарбасы болгон. Жергиликтүү бийлик органдары фактыларды бурмалашып, дыйкандардын 10%ин кулакка тартышкан. Натыйжада, орто дыйкандардын көпчүлүгү, айрым учурда кедей дыйкандар да кулакка тартылган.

Кулакка тартылгандардын бир бөлүгү сот жообуна тартылса, 2-бөлүгү алыскы аймактарга кубаланган. Мисалы, 1931-жылга чейин 6 миң үй-бүлө Украинага, Кавказга көчүрүлгөн. Совет бийлигинин Кулакка тартуудагы бурмаланган саясаты дыйкандардын куралдуу көтөрүлүшүнө алып келген. Мисалы, Ысык-Көл, Нарын жана Кыргызстандын түштүгүндөгү куралдуу көтөрүлүштөр Кулакка тартуу саясатын иш жүзүнө ашырууда айыл-кыштак калкынын бир бөлүгү массалык жазалоодон жабыр тарткан.

"Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия" Бишкек 2003.

"Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору"

"И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети"

"Башкы ред. ү. А. Асанов, жооптуу ред. А. А. Асанканов".

"Ред кеңеш: Ө. Ж. Осмонов (төрага) Т. Н Өмүрбеков"





Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)