Кулак оорусу

Кулак оорусу — кулактын ар кандай бөлүгүнүн сезгенүүсү. Мурундун жана мурун-кулкундун ооруларында евстахий түтүгү сезгенип, натыйжада тарсылдак көңдөйүнө абанын кирүүсү кыйындайт да, үндүн өтүшү бузулат. Евстахий түтүгүнүн узак сезгенүүсүнөн ортонку кулак жабышып, тырык пайда болот, каңырыш уга баштайт. Балдардын угуусун көбүнчө аденоиддер начарлатат. Кээде урунуудан, баш сөөгүнүн жабыркоосунан, мээ кабыгынын сезгенүүсүнөн (менингит), мээ кан тамырларынын склерозунан угуу бузулат. Угуу өткөөлүнүн бүтөлүп калуусунда, мисалы, кулку толуп калганда, каңырыш угушу мүмкүн. Кулактын ичине кокусунан бөтөн заттар — курт-кумурска кирип кетсе ж. б. учурларда угуу начарлап, аларды алып салгандан кийин кайра калыбына келет. Кулактын өнөкөт ооруларын узак убакыт жакшы дарылабаса, дүлөйлүккө алып келүүсү ыктымал. Жугуштуу ооруларда (грипп, менингит, кызылча ж. б.) антибиотикти баш аламан ичүүдөн ортонку, ички кулак, угуу нервдери жапа чегиши мүмкүн. Кесипке байланыштуу укпай калуу өндүрүштүк ызы-чуунун жана дирилдөөнүн (термелүү) таасиринен пайда болот. Кулак оорусун алдын алууда жана угууну сактоодо мурун менен дем алуу чоң мааниге ээ. Ошондуктан баланын аденоид, полип, гайморит ооруларын өз убагында дарылоо, мурун тосмолорунун кыйшыгын түзөтүү ж. б. зарыл.

Комментариев: 4 RSS

1 Айбек 21-01-2019 00:54

Менин инимдин кулагы ооруйт ирин агат, жакшы укпайт, эртен срочно больницага алып барышым керек,айыктырууга болобу кандай жолдор менен ,оюнуздарды айтып койгулачы

2 Эльза 27-03-2019 22:22

Менин баламдын кулагы ооруп перекись тамызып койсом эртен менен канап карт болуп калыптыр эмне кылам

3 Гулнур 02-04-2019 11:51

Баламын кулагы ооруп атат.Еч нерсе аккан жок .Емне кылам.Ичин карасам кызарып Калыптыр

4 Айбек 07-05-2019 19:24

Менин кулагым ооруп атат больницага келсем оорусу басылды бирок жакшы укпай атам врачтар "ичинде кызарып шишип кетиптир " дейт эмне кылсам болот

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)