Карамолдо Орозов (1882-1960)


Карамолдо Орозов (1882-1960)Балким, силер Карамолдо Орозовдун күүлөрү менен аздыр-көптүр таанышсыңар. Ал - орошон комузчуларыбыздын бири. Карамолдо Ысык-көлдүн күнгөй тарабындагы азыркы Корумду айылында төрөлгөн. Анын өз аты - Токтомамбет. Диний мектепте окуган, өзү кара тору киши болгондуктан, Карамолдо атыгып кеткен. Атасы Ороз кедей болуп, колу түйшүктөн бошобосо да, комуз черте койгон адам эле.

Ал баласы Токтомамбетке да комуз үйрөткөн. Зээндүү бала комузду бат эле өздөштүрүп, черте баштайт. Комузчу атыгып, чоң комузчулардын күүлөрүн үйрөнөт, алардан таалим алат. Өзү да күү чыгара баштайт. Черткен күүлөрүнүн саны улам арбып, комузчулук өнөрү өркүндөй берет. Карамолдо Орозовдун чыгармачылыгы Улуу Октябрь социалисттик революциясынан кийинки мезгилде өзгөча гүлдөп өстү.

1931-1936-жылдары ал Муратаалы Күрөңкеев, Атай Огонбаев, Ыбырай Туманов, Чалагыз Иманкулов, Шекербек Шеркулов, Адамкалый Байбатыров сыяктуу өнөрпоздор менен Кыргыз драма театрында, ал эми 1936-1958-жылдары Т. Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармониясында эмгектенет.

Бул жылдарда комузчунун дүйнөнү кабылдоосу, аны түшүнүүсү тереңдеп, чыгармачылык изденүүсү түрлөнүп, аткаруучулук өнөрү өркүндөйт. Атактуу комузчу Анжиян калкы, Койчулардын коңур күү, Такмаза, Кара өзгөй, Чоң кербез, Колхоз камбарканы, Темир күү, Атчандар шыңгырамасы жана өмүрүнүн акыркы жылдарын-да Эл тилеги, Тынчтык сыяктуу көптөгөн күүлөрдү чыгарган.

Анын Сынган бугу, Көкөй кести, Насыйкат, Ибарат, Дүнүйө деген күүлөрү комузчулук өнөрдүн классикалык үлгүсүнө айланган. К. Орозовго Кыргыз ССРинин эл артисти деген наам ыйгарылган (1935). Улуу комузчунун элесин түбөлүккө сактоо максатында Кыргыз мамлекеттик филармониясындагы кыргыз эл аспаптар оркестрине, республиканын шаар, кыштактарындагы мектептерге, көчөлөргө анын ысмы берилген.

2016-05-23 535 Биографиялар Жыргалбекова С. 2016-05-23