Карамолдо Орозов


Карамолдо ОрозовЗалкар күүлөрдүн атасы, атыккан Карамолдо (Токтомамбет) Орозов 1882-жылы Ысык-Көлдүн Корумду айылындагы орто чарбалуу үй-бүлөөдө туулган.



Беш жашынан айылдагы медреседен окуп, кетирекей мурундуу кара тоголок Токтомамбетти колу кат тааныгандыктан эркелетишип Карамолдо деп чакырып жүрүп бара-бара ошол кезден тартып Карамолдо аталып калган. Ал эми комуз черткенди атасынан үйрөнөт.



1931-1936-жылдары Карамолдо Орозов кыргыз драма театрында комузчу, 1936-1954-жылдары ардактуу эс алууга чыкканга чейин Кыргыз Мамлекеттик Токтогул Сатылганов атындагы Эмгек Кызыл Туу ордендүү филармониясында Эл аспаптар оркестринин алгачкы музыканттарынын биринен жана комузчу болуп иштейт.



1935-жылдын 22-декабрында Кыргызстан Борбордук Аткаруу комитети Карамолдо Орозовдун аткаруучулук, комузчулук чеберлигин, калк алдында сиңирген эмгегин жогоруу баалап, кыргыз музыкасынын тарыхында биринчи жолу Кыргыз Республикасынын Эл артисти деген ардактуу наамды ыйгарат.



2008-жылы Карамолдонун 125 жылдыгына карата толукталган Карамолдо аттуу очерк жарык көргөн. 1980-жылы Б. Алагутов узактыгы 60 мүнөттүк концерт-аңгемени, 2008-жылы Б. Алагутовдун түзүүсүндө Карамолдонун өзүнүн чертүүсүндө үнү менен 38 күүсүнүн 100 нускадагы CD альбому жарык көргөн.



1987-жылы Кыргызстан басмаканасынан Карамолдону көздөрү менен көрүшүп, залкар күүлөрүн, сөздөрүн угушкан жазуучулардын, акындардын, музыка таануучулардын, журналисттердин, кесиптештеринин жөнөкөй угуучулардын Карамолдо замандаштарынын эскерүүлөрүндө аттуу жыйнак басылып чыккан.



Улуу жазуучу Чынгыз Айтматов өзүнүн эскерүүсүндө: Карамолдо Орозов сыяктуу элдик композитор - бул түгөнбөгөн кенч, булак болуп кала бермек - деп атып өткөн экен.



Карамолдо Орозовдун ысымы, күүлөрү барда муундан-муунга, доордон-доорго көчө жашай бермекчи...



1960-жылы 78 жашында көптөгөн тарыхтан өчпөс алтынга тете эмгектерин калтырып, залкар комузчу бул дүйнө менен кош айткан.
2016-05-23 460 Биографиялар Жыргалбекова С. 2016-05-23