Ысык-көл облусунун Түп районуна караштуу Күрмөнтү айылында 1913-жылдын ноябрь айында эмгекчи-фермердин үй-бүлөөсүндө туулган. Курман-Галынын ата-энеси 1917-жылга чейин кулактарга жалданып иштеп келишкен. 1917-жылдан 1927-жылга чейин ата-энеси жер иштетип, мал багып, ошол эле убакта жалданып да иштеп жүрүшкөн.
1929-жылы ата-энеси колхозго кирип, Түп районундагы Күрмөнтү (азыркы Ленин атындагы колхоз) колхозунун мүчөлөрү болушкан. Каракеев Курман-Гали 1929-жылга чейин Түп районундагы Түп айылынын айылдык мектебинде окуп, окуусун бүтүргөн. 1929-жылдан 1933-жылдын февраль айына чейин Ысык-көл селхозтеникумунда окуган.
Ал жактан окуусун ийгиликтүү аяктаган соң, ВЛКСМ Кыргыз обкомунун чечими менен Ленинчи Жаш гезит редакциясына иштөөгө багытталган. Ал жерде бөлүм башчысы, редактордун орун басары болуп эмгектенген. 1934-жылдан 1936-жылдын сентябрь айына чейин Кыргыз ВЛКСМ обкомунун аппаратында көрсөтмө берүүчү, уюштуруучу, крестьян жаштарынын бөлүм башчысы, окуучу жаштар бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.
1936-жылдын сентябрь айынан 1938-жылдын октябрь айына чейин Аскер Деңиз Флотундан аскер кызматын өтөгөн. 1938-жылдан тартып 1939-жылдын декабрь айына чейин Коммунист журналынын редакциясында катчы, редактордун орун басары болуп иштеген. 1940-1944-жылдары Фрунзе, Тянь-Шань, Ысык-көл облустарында партия башчысы болуп эмгектенген.
1944-1946-жылдары ЦК КПССтин Жогорку Партиялык Мектебинде билим алган. 1946-жылдын декабрь айынан 1949-жылдын февраль айына чейин Кыргыз Кыргызстан гезитинде редактор. 1949-жылдын февраль айынан 1956-жылдын ноябрь айына чейин пропаганда жана агитация бөлүмүнүн башчысы, Кыргыз ЦК КПССинин катчысы.
1957-жылы ЦК КПССтин партия обком катчыларынын курсунан билим алган. 1958-1959-жылдары ЦК КПССтин коомдук илимий Академиясында окуган. ЦК КПССтин коомдук илимий академиясында тарых илимдеринин кандидаты жана окумуштуу даражасынын изденүү диссертациясын жактаган. 1960-жылы Кыргыз ССРинин илимдер академиясынын президенти. 1938-жылдын март айынан баштап КПССтин мүчөсү. СССР журналисттер союзунун мүчөсү.
Каракеев Курман-Галы Кыргыз ССРинин Жогорку Кенешинин депутаты жана Кыргыз ССРинин Жогорку Кенешинин тор агасы болуп бир нече жолу шайланган.
Кыргыз ССРинин Жогорку Кенешинин VI-чакырылышынын депутаты.
Академик Каракеевдин изилдөөлөрү принципиалдуулугу жана бир багыттуулугу менен айырмаланып турган. Кыргыз ССРинин илимдер академиясынын президенти болуп иштеп турган кезинде Кыргызстандагы илимдер академиясын өркүндөтүүгө жана тарых илимине зор салымын кошкон. Негизги кесиби тарыхчы болгон.
Сыйлыктары:
1.Үчүнчү даражадагы Манас ордени (1997)
2.Биринчи даражадагы Манас ордени (2003)
3.Эмгек кызыл туу ордени №39139, 9-апрель 1946-жыл
4.Эмгек кызыл туу ордени №143070, 31-январь 1951-жыл
5.Эмгек кызыл туу ордени №357369, 15-февраль 1957-жыл
6.Ардак белги ордени №283972, 6-ноябрь 1963-жыл
7.Ленин ордени №404831, 20-июль 1971-жыл
8.Эмгек кызыл туу ордени №3751864, 6-ноябрь 1973-жыл
9.Октябрь Революциясынын ордени №54711, 17-сентябрь 1975-жыл
10.1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы кайраттуу эмгеги үчүн медалы №0226242, 28-январь 1946-жыл
11.СССР куралдуу күчтөрүнө элүү жыл юбилейлик медалы.
12.1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушка жыйырма жыл юбилейлик медалы, №1853713 7-май 1970-жыл
13.1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушка отуз жыл юбилейлик медалы, 5-май 1975-жыл
14.1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушка кырк жыл медалы, 7-май 1985-жыл
15.Ленинграддын 250 жылдыгына медалы №000076, 26-июль 1957-жыл
16.Владимир Ильич Лениндин 100 жылдыгы үчүн кайрат эмгеги үчүн медалы
17.Улуу Ата Мекендик согушка 25 жыл белгиси
18.Эмгек ветераны, 27-апрель 1984-жыл
19.1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушка элүү жыл юбилейлик медалы.
20.Манас 1000 юбилейлик медалы. 1995-жыл
21.ВСХВ медалы, 1957-жыл.
22.Социалисттик айыл чарбадагы ийгиликтери үчүн күмүш медалы. 1967-жыл.
23.СССРдин негизделиши - Ленин улуттук саясатынын салтанаты китеби үчүн алтын медал, 1984-жыл.
24.Академик Вавилов Сергей Ивановичтин димлому жана медалы. №91, 26-июнь 1973-жыл.
25.Академик И. К. Ахунбаевдин алтын медалы. 1997-жыл.
26.Улуу октябрь жана Кыргызстан илими китеби үчүн бүткүл союздук Знание коомунун биринчи даражадагы димлому. №354, 29-август 1978-жыл.
27.Достук ишине кошкон салымы үчүн советтик коомдордун достук биримдигинин ардак белгиси. №1545, 2-ноябрь 1983-жыл
28.Кыргыз ССРинин илим жана техника тармагынын мамлекеттик сыйлыгыгын лауреат медалы.
29.Кыргызстан в братской семье народов китеби үчүн бүткүл союздук Знание коомунун биринчи даражадагы димлому. 1972-жыл
30.Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин ардак грамотасы. 1941-жыл
31.Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин ардак грамотасы. 1958-жыл
32.Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин ардак грамотасы. 1960-жыл
33.Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин ардак грамотасы. 1965-жыл
34.Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин ардак грамотасы. 1983-жыл
35.ЦК ВЛКСМ ардак грамотсы. 1983-жыл
36.Правда гезитинин грамотасы.
37.РАН Президиумунун ыраазычылык грамотасы.