Каракеев Курман-Гали


(1913-жылы туулган, Түп району, Күрмөнтү айылы) - тарыхчы, мамлекеттик ишмер, тарых илимдеринин доктору, профессор (1971), Кыргызстан Илимдер Академиясынын академик (1960), Кыргыз Республиканын мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1970), Кыргыз Республиканын илимге эмгек сиңирген ишмери (1972). 1938жылдан КПСС мүчөсү. Ысык-Көл айыл чарба техникумун (1933), КПСС БКнын алдындагы жогорку партиялык мектепти (1946), Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтту (1956), КПСС БКга караштуу Коомдук илимдер академиясын (1959) бүтүргөн. 1933—34-жылы «Ленинчил жаш» газетасында бөлүм башчы, реДактордун орун басары, 1934-36-жылы ВЛКСМ Кыргыз аткомунда бөлүм башчы, 1938-39-жылы «Коммунист» журналынын башкы редакторунун орун басары, 1939-44-жылы Кыргызстан КП Фрунзе обкомунун пропаганда жана агитация бөлүм башчысына орун басар, Тянь-Шань, Ысык-Көл обкомдорунун катчысы, 1946-49-жылы «Кызыл Кыргызстан» газетасынын редактору, 1949—52-жылы Кыргызстан КП БКнын үгүт-насыят бөлүмүнүн башчысы, 1952—57-жылы Кыргызстан КП БКнын катчысы, 1960—78-жылы Кыргызстан Илимдер Академиясынын президенти. Андан кийин тарых интунда бөлүм башчы.

К. республикада илимий мекемелерди уюштуруу жана өнүктүрүүдө зор салым кошуу менен илимдин өнүгүшү, илимий изилдөөлөрдүн натыйжалуулугун көтөрүү, илим менен өндүрүнггүн байланышын чыңдоо жана жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоо боюнча көп иш жүргүзгөн. К-дин Кыргызстандын, анын ичинде Ысык-Көл кылаасынын тарыхына арналган 250дөй илимий эмгектери бар. «Кыргыз ССР тарыхынын» авторлорунан жана редакторлорунун бири. Эмгектери негизинен маданий курулуштун айрым маселелерине, улуттук байланынггын теориясы менен тарыхына жана Респ-кадагы илимдин өнүгүш тарыхына арналган. К. чет өлкөлөрдөгү эл аралык илимий конгресстерге, конференция, симпозиумдарга илимий докладдары менен бир нече жолу катышкан. 1952—56-жылы Кыргыз ССР жогорку Кеңешинин төрагасы, 1947-63-жылы Кыргыз ССР жогорку Кеңешинин, 1962—79-жылы СССР жогорку Кеңешинин депутаты. Ленин, Октябрь Революциясы, 4 Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган.

2016-05-27 213 Биографиялар Жыргалбекова С. 2016-05-27