Южный городок (Үчяр) кумшагыл кени


Южный городок (Үчяр) кумшагыл кени Ош облусунун Кара-Суу районунда, Ош шаарынан 0,5 км түштүктө, деңиз деңгээлинен 1150–1260 м бийиктикте. 1971-ж. Түштүк Кыргыз геол. экспедициясы чалгындаган. Кен аймагы калыңдыгы 20–30 м болгон кум-шагыл катмарынан түзүлгөн. Адырдын кырларында кум-шагылды калыңдыгы 2,0–13,4 мге жеткен кумайлуу чопо жаап турат. Кум-шагыл 35,5% койташтан, 39,1% шагылдан, 25,4% кумдан турат. Талкалап жуугандан кийин кум-шагыл «200», «300» маркадагы бетонду даярдоого жарамдуу. Запасы В категориясы боюнча 1839 миң м3, С1– 2475 миң м3 В+С1– 4314 миң м3, С2– 974 миң м3. 1997-жылга карата баланстагы запасы В – 1307 миң м3, С1– 2475 миң м3, В+С1– 3782 миң м3, С2– 974 миң м3.

2016-08-11 44 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11