Юнусов Топчубай


Юнусов, Топчубай (1905, азыркы Кара-Суу району, Монок кыштагы. -1982, ошол эле жерде) – айыл чарба өндүрүшүн уюштуруучу, Социялистик Эмгектин Баатыры (1957). Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген дыйканы (1958). 1947-жылдан КПСС мүчөсү. Улуу Ата Мекендик согушка катышкан. Эмгек жолун 1924-ж. мугалим болуп иштөөдөн баштаган. 1930-жылдан админ.-чарбалык иштерде. 1945-жылдан Кара-Суу районундагы К. Маркс атындагы колхоздун председатели. Ал жетектеген колхоз 1956-ж. 700 га аянттын гектарынан 34,6 цден пахта жыйнап алган. 1962-66-жылдары СССР Жогорку Советинин, 1955-66-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты.

Социялистик Эмгектин Баатыры, Ленин ордени, Эмгек Кызыл Туу ордени, медалдар менен сыйланган.

Борбугулов М. "Ош областы энциклопедия" Фрунзе 1989ж.

2016-08-11 42 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11