Юдахин, Константин Кузьмич (1889-1890-1975) - чыгаан түрколог окумуштуу, кыргыз таануучу.
Константин Кузьмич Юдахин 1889-жылы падышалык Орусиянын Орск шаарында туулган.
1910-жылы Ташкендеги Түркстан мугалимдер семинарийин бүткөн.
1925-жылы Орто Азия мамлекеттик университетин аяктаган.
1949-жылы филология илимдеринин доктору наамын алган.
1952-жылы Өзбекстан Илимдер академиясынын кабарчы-мүчөсү болуп шайланган.
1954-жылы Кыргызстандын Илимдер академиясынын академиги болуп шайланган.
Кыргыз мамлекеттик университетинин (азыркы Кыргыз улуттук университетинин) Кыргыз тили кафедрасынын профессору болгон, Кыргызстандын илимине эмгек сиңирген ишмер наамын алган.
Константин Кузьмич Юдахин 1927-жылы өзбек-орус сөздүгүн, 1928-жылы уйгур-орус сөздүгүн түзүп жарыялаган.
1940- жана 1965-жылдары кыргыз-орус сөздүгүн жарыялаган.
1944- жана 1959-жылдары орус-кыргыз сөздүгүн жарыялаган.
Кыргыз сөздүгүн түзүүдө ага кыргыздын түрколог окумуштуусу, тилчи, академик Кусейин Карасаев өзгөчө жардам берген. Дагы бир кыргыз тилчиси - Ж. Ш. Шүкүров да өзүнө жардам бергенин К. К. Юдахин 1965-жылы чыккан кыргызча-орусча сөздүгүнүнү кириш сөзүндө белгилеген (6-бет).
2002-жылы Бишкектеги Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин маңдайына К. К. Юдахиндин айкели тургузулган.