Исанов Насирдин


Исанов Насирдин(1943, Ноокат району, Көк-Бел айылы -1991, Ленин району, сөөгү Бишкекке коюлган) - мамлекеттик ишмер. В. В. Куйбышев атындагы Москва курулуш-ишкенерлер институтун бүткөн (1965). Экономика илимдеринин кандидаты (1990). 1966—69-жылы № 3 «Ошшааркурулуш» трестинин курулушмонтаждоо башкармасында мастер, прораб, участканый начальниги. Кийинчерээк тресттин башкы технологу болуп эмгектенген. Андан соң Курулуш-монтаждоо башкармасынын № 5 «Ошшааркурулуш» трестинде башкы инженер. 1969-жылдан КПССтин мүчөсү.

1970-жылы февралдан партиялык кызматтарда. Кыргызстан КПнын Ош обкомунун курулуш бөлүмүндө инструктор, 1970-жылы декабрдан «Нарынгидроэнергокурулушунун» курулуш башкармасында (Каракөл ш.) парткомдун катчысы. 1974—76-жылы Кыргызстан ЛКЖСнын Ош обкомунун биринчи катчысы. Алматыдагы Жогорку партия мектебин бүткөн (1975). 1976-жылдан Кыргызстан КП БКнын шаар чарба жана курулуш бөлүмүндө бөлүм башчынын орун басары, 1979-жылдан бөлүм башчы. 1983—86-жылы Кыргыз ССР курулуш министри. Андан кийин Кыргыз ССР мамлекеттик курулуш комитетинде төраганын орун басары.

1988-жылы декабрдан Ысык-Көл облустук эл депутаттар кеңешинин аткаруу комитетинде төрага. 1990-жылы декабрдан Кыргыз Респ-сынын вице-президенти, 1991-жылы январдан -1991-жылы 29-ноябрга чейин Кыргыз Республиканын Премьер-министри. Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган. 1980—91-жылы Кыргыз Республиканын жогорку Кеңешинин депутаты. И. жашаган үйгө мемориалдык такта орнотулган. Идун атынан Бишкекте көчө аталган.

2016-05-27 155 Биографиялар Жыргалбекова С. 2016-05-27