Хунну, хуннулар, хундар, сүннү, гунндар, кун (Хунны, сюнну) – б. з. ч. 1-миң жылдыктын башында Борбордук Азиядагы байыркы көчмөн калктар, түрк элдеринин байыркы ата-тегинин бири.
Б. з. ч. 3-к-дын акырында Х. азыркы Борбордук Моңголия м-н Байкалдын боюнда жайгашкан.
Ушул доордо Модэ шанүй (падыша, кол башчы) башкарган. Х. дунхуларды (байыркы моңголдордун ата-теги), юечжилерди талкалап, кыргыздарды ж-а усундарды жеңип алышкан.
Андан кийин Кытайга жортуул жасаган, император Лю Бан аларга салык төлөөгө аргасыз болгон.
Б. з. ч. 1-к-да Х-дын дагы бир кол башчысы (теңир курт) Чжи-чжи батышка жортуул жасап, кыргыздарды ж-а алардын түндүгүндөгү динлиндерди талкалаган.
Б. з. ч. 1-к-дын ортосунда Х. Кытайга убактылуу сөз жүзүндө баш ийген.
Б. з. 48-ж. Х-дын жети уругу кайрадан Кытай императоруна баш ийип, түштүк Х. деп аталып калган.
Түндүк Х. б. з. 1-к-нын акырында экиге бөлүнгөн. Бир бөлүгү Моңголия аймагында кала берип, кийинчирээк түрк урууларынын өзөгүн түзгөн. Дагы бир бөлүгү Орто Азия тарапка жылган.
Батышка жылган түндүк Х-дын айрым топтору Европага чейин журт которуп ж-а өзүнө башка көчмөн урууларды сиңирип отуруп, жаңы гунндар уруу бирикмесине айланган.
Орто Азиянын чыгыш бөлүгүнө журт которгон түндүк Х-дын калган-катканы кийинчирээк Батыш Түрк кагандыгынын негизги калкына аралашып кеткен.
Түштүк Х. Кытайда бир катар чакан мамлекетти негиздешкен, 6-к-га чейин жужан, табгач (тоба), кыргыз, түрк, кытай сыяктуу элдерге аралашып, алардын арасына сиңип кеткен.