Худайбердиев Ахмадали


Худайбердиев, Ахмадали (1920, Базар-Коргон району, Базар-Коргон кыштагында туулган.-1985, ошол эле жерде) - пахтачы, Социялистик Эмгектин Баатыры (1971). 1968-жылдан КПСС мүчөсү. Улуу Ата Мекендик согушка катышкан. 1930-40, 1948-61-жылдары Базар-Коргон районундагы «Кеңеш-Көчө» колхозунда иштеген. 1962-жылдан ушул эле райондун «Комсомол» колхозунун пахтачылык бригадасын жетектеген. Анын бригадасы 1976-77-ж. ар гектар аянттан 45 цден пахта жыйнап алган.

Социялистик Эмгектин Баатыры, Эки Ленин ордени, Октябрь Революциясы ордени, медалдар менен сыйланган.

Борбугулов М. "Ош областы энциклопедия" Фрунзе 1989ж.

2016-08-11 122 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11