Ху Чжэнхуа Мухаммед


Мухаммед Ху Чжэнхуа (ханзуча: 胡振华, англисче: Muhammed Hu Zhenhua, 1931-жылы 9-январда Кытайдын Шандун вилайетинде туулган) – кытайлык заманбап түрколог, кыргыз таануучу, манас таануучу, профессор. Теги дунган. "Манас" орденинин ээси, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын ардактуу академиги.

Мухаммед Ху Чжэнхуанын ата-бабасы – кытайлык мусулман (дунган) улутунан. Ал 1931-жылы үчтүн айынын (январдын) 9унда Кытайдын Шандун (Шандоң) вилайетинин Чиңдав шаарында дунган тегиндеги темир жол жумушчусунун үй-бүлөсүндө дүйнөгө келген.

Кичинесинен бакыбат үй-бүлөлүк тарбияны жана системалуу мектептерде таалим алган.

Ал Кытай социалисттик өлкөгө айланаардан мурда, 1949-жылы июлда, коммунисттик көңтөрүштүк кызматтарга катышкан.

1948-жылдан 1953-жылга чейин болгон аралыкта алды-арты Нанжиң чыгыш тилдер мектебинде арап тилин, Шандоң унверситетинде орус тилин, борбордук улуттар институтунда уйгур тилин үйрөнгөн.

1953-жылы окууну бүтүрүп, Бээжиндеги Борбордук улуттар институтунда мугалим болуп калган.

Ал тил назарыясы жана улуттук адабиятты изилдөө менен алектене баштаган.

1953-жылдан баштап Чыгыш Теңир-Тоонун түндүк-түштүгүндөгү кыргыз айылдарын аралап, кытайлык кыргыз тилин үйрөнүп, алардын тили, фольклору, дастандары, тарыхына байланыштуу көптөгөн материалдарды жыйнаган.

Профессор Ху Чжэнхуа кыргыз тил-маданиятын изилдөө жаатында эмгеги сиӊген инсан.

Учурда Бээжинде жашайт. Ал дагы эле кыргыз таануу жаатында шакирттерине насаат берүүсүн улантып келет.

Профессор Мухамед Ху Чжэнхуа кыргыздардын баатырдык эпосу «Манасты» жыйуу, которуу, изилдөө кызматына эбегейсиз салымдарды кошту. Ал мамлекет ичи-сыртындагы журналдарда 10 дон ашуун «Манас» эпосу жөнүндөгү макалаларын жарыялап, кыргыз элин жана «Манас» эпосун тааныштырып келди. Ал манасчы Темир Турдумамбет айткан «Манас» вариантын жапон тилине которуп, Жапонияда жарыялады.

Бир канча жолу Франция, Жапония, Түркия, Кыргызстан сыяктуу мамлекеттерде илимий талкуу жыйналыштарына катышып, «Манас» эпосун илим чөйрөсүнө тааныштырды.

«Кыргыздардын баатырдык эпосу "Манас"» («Элдик адабият» 1962-жыл, 5-сан). «Жүсүп Мамай жана "Манас"» («Жуңго курулушу» (араб тилинде) - 1979-жыл, 10-сан), «Баалуу адабият мурасы - "Манас"» («Эл гезити», 1984-жыл, 21-февраль саны), «Кыргыздардын баатырдык эпосу "Манас"» («Энциклопедиялык билим», 1987-жыл, 12-сан). «Чет элдерде "Манас" эпосунун изилденүү абалы» («Аз сандуу улуттардын көркөм өнөрү», 1982-жылкы басылышы), «Шинжаң кыргыздарынын "Манас" эпосу жөнүндө баян» (француз тилиндеги «Түркология» журналы, 1984-жыл, 21-саны), «Чет элдердеги манасчыларды тааныштыруу» («Улуттук адабият изилдөөсү», 1986-жыл, 3-сан), «Кыргыз тил кампасы - "Манас"» («Улуттук тил», 1988-жыл, 4-сан), «Кыргыз элинин баатырдык эпосу "Манас" жана анын изилденүү абалы» («Кашкар педагогика институту илимий жуналы», 1981-жыл, 3-сан) сыяктуу макалалары түрдүү басма беттеринде жарыяланды.

Ал «Манас» эпосун, залкар манасчы Жүсүп Мамайды мамлекет ичи-сыртына тааныштырууда белсемдүү эмгектенди.

Манасчылар эпостун улантуучулары, ары эпостун жаратуучуларынан болушат. Андыктан, манасчыларды изилдөө эпос изилдөөсүндө өтө зарыл мааниге ээ.

Ху Чжэнхуа мырза бул жагында көп эмгектерди сиңирип, көптөгөн макалаларды жазды. Алып айтсак: «Жүсүп Мамай жана "Манас"» («Жуңго курулушу» (араб тилинде), 1979-жыл, 10-сан), «Кыргыз элинин манасчысы - Жүсүп Мамай» («Элдик адабият», 1979-жыл, 1-сан) макалалары менен манасчылар жөнүндө алгач изилдөө жүргүзөт.

1995-жылы августта Кыргызстанда өткөн «Манас - 1000» мааракесиндеги илимий жыйында Ху Чжэнхуа «Жуңголук манасчы Эшматтын варианты» темасындагы макалалары менен талкуу жыйынга катышкан.

«Эшмат айтымындагы "Семетей" эпосу жана анын ыргак өзгөчөлүгү» («Борбордук улуттар университети илимий журналы, 1994-жыл, 2-сан), «"Манас" эпосундагы ыргактарды изилдөө» «Мамлекет ичи-сыртындагы ыр түзүлүшү» китебине киргизилген (Бейжин университети басмасы, 1991-жыл) макалаларында «Манас» эпосунун ыргак түзүлүшүн анализге алат. Ал жазган «"Манас" эпосунун жаралуу доору маселеси жөнүндө» («Элдик адабият секциясы», 1987-жыл, 1-сан), «"Манас" эпосундагы кытайлар жөнүндө баян» («Чыңхай улуттар институту илимий журналы», 1993-жыл, 1-сан) аттуу макалалары менен «Манас» эпосунун жаралуусуна тарых илими жаатынан талдоо жүргүзгөн.

Ал «Манас» эпосунда айтылган, кыргыздар казат кылган «Бээжин» бүгүнкү борбор калаа Бээжин болбостон, Батыш Ляо падышалыгынын борбору Беш Бейжин деген жоромолун жазган.

Анын оюнча, эпосто айтылган «кытайлар» кидандарды көрсөтөт.

Ху Чжэнхуа «Манас» мындан 700-800 жыл мурун Алтайда пайда болгон деп эсептейт. Ал эми Манас жана анын чоролору кытай хандары менен эмес, Борбор Азиядагы көчмөн элдер менен, башкача айтканда кара кытайлар менен согушкан деген көз карашты ортого койот. «"Манас" эпосунун жаралуу доору маселеси жөнүндө» («Элдик адабият секциясы», 1987-жыл, 1-сан) макаласы Жуңго азчылык улуттар адабият изилдөө натыйжаларын баалоодо алдыңкы макала сыйлыгына татыктуу богон.

Профессор Мухамед Ху Чжэнхуа КЭРдеги Кызыл-Суу Кыргыз автоном району тараткан «Манас» эпосун жыйуу, которуу кызматындагы экинчи даражалуу сыйлыкты жана Кытайдын маданият министирлиги менен мамлекеттик улуттук иштер комитети биргелешип тараткан «Манас» эпосун иреттөө кызматындагы жеке сыйлыгын алган.

Профессор Мухамед Ху Чжэнхуа 1999-жылы августта Кыргызстан Улуттук илимдер академиясы берген "чет мамлекеттердеги ардактуу академик" наамына татыган.

2002-жылы ал Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан берилген үчүнчү даражадагы «Манас» орденинин ээси болгон.

К. Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин ардактуу профессору (2003).

Ал ШКУнун "Жибек жолу – гуманитардык кызматташтык" сыйлыгына татыган (2012).

Кыргызстан дунган таануу жамаатынын сыйлыгын (орден) алган (2011).

Анкара университетинин ардак кагазын алган (1988).

2016-08-11 43 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11