Христоф сары көпөлөгү


Христоф сары көпөлөгү (Colias christophi), (Grum-Grshimailo, 1885) - Христофор сары көпөлөгү Кыргызстанда кездешкен 12 түрүнүн башкалардан айырмаланган эң бөтөнчөсү, эстетикалык мааниги ээ. СССРдин Кызыл китебине 1984- жылы 3 категория менен жана ошол эле жылы Республикалык Кызыл китепке киргизилген . ==Түрдүн жетилген стадиясынын сырткы түзүлүшү==Алдыңкы канаты 20–24 мм, орто көлөмдөгү көпөлөк. Алдыңкы канаты кызгылт-сары, сырткы тасмасы ак жана жазы, ак тасмадагы тамырчалары кара түскө боелгон, ортоңку бөлүгүнүн жогору жагында тегерек кара көзчөсү (тагы) бар. Арткы канаты агыш-боз түстө, ак субмаргиналдуу тасмасында кара тамырчалар өтөт. Ак тасма менен ортоңку агыш чекиттин ортосунан кара из өтөт. Мурутчалары төөнөгүч сыяктуу, узундугу алдыңкы канатынын үч бөлүгүнө жакын. Тулку-бою кара-күрөң, агыш-боз түкчөлүү. Эркектери ачык түстүү ургаачыларына караганда көлөмү боюнча бир аз кичирээк .

Тажикстан, Кыргызстан жана Өзбекстан (анклав ). Түрдүн ареалы Гиссар тоо кыркаларынын түндүк-чыгыш бөлүгүндөгү ичке тоо кыркаларынын эңкейиш беттерин, Заравшанда (Искендер көлүнүн аймагы менен) жана Түркстанда (батыштан Чокмор тоого чейин жана Алай тоо кыркаларынын батыш бөлүгүн (Коллектор тоо кыркаларын кошкондо) камтыйт. Кыргыз кырка тоолорунда жана Алай кырка тоолорунун чыгыш жармында таралышы деген көрсөтмө азыркы маалыматтар аркылуу далилденген эмес. Кыргызстанда Караказык, Теңгизбай ашууларында балким чыгыш Түркстан тоо кыркаларында.

Деңиз деңгээлинен 3300–3600 м бийиктиктеги тоо кыркаларынын таштуу жана шагылдуу, алңпы көк шиберлүү аянттары (кээбир особдору деңиз деңгелинен 2700 м бийиктике учуп түшүшү мүмкүн), «ксерофилдүү сейректеген трагакант өсүмдүктүү» жерлер мүнөздүү биотоп катары көрсөтүлүшү чындыкка туура келбейт . Популяциялар бириндеп анча чоң эмес аянттарды ээлешет.

Массалык учуу учурунда жашаган жерлери бузулбаган 100 м2 жерде 2–4 имаго катталган . ==Жашоо тиричилиги ( жашоо циклдары)== Жетишерлик изилденген эмес. Жаратылышта түр жылына бир муун берет. Гусеницасы экинчи жаш курагында кыштайт. Гусеницалардын тоют өсүмдүктөрү – Ast ragal us sp. (Fabaceae уруусу), Onobrychis echidna Li psky кыргыз популяциялары үчүн тоют катары далилденген эмес. Учуусу аба ырайынын шартына жараша июндун аягы июлда байкалат. Ургаачылары жумурткаларын тоют өсүмдүктөрүнүн гүлдөрүнө таштайт.

C. christophi – миграцияга жөндөмсүз отурукташкан түр, ошондуктан алардын локалдуу популяциялары үчүн эң олуттуу кооптонуучу фактор болуп эсептелет. Популяцияларга эң чоң зыян малдын чексиз жайылышынын натыйжасында жашаган жерлеринин тапталышы, өсүмдүктөрдүн өтө тез деградацияланышы алып келиши мүмкүн. Табигый душмандары жана оорулары изилденген эмес. ==Көбөйтүү (колдо багуу)==Жүргүзүлгөн эмес. ==Уюштурулган коргоо аракеттери==Түр 1984-жылы Республикалык Кызыл китепке киргизилген , бирок азыркы мезгилде эч жерде корголбойт.

Көпчүлүк жердеген бийик тоолордо адамдардын чарба иштери, территорияларды рекреациялык пайдалануудан интенсивсиз болгондуктан , антропогендик таасирлерди чектөө зарылдыгы мурун эле айтылган . Жердеген жерлеринде тоют өсүмдүктөрүнө басым деңгээлин аныктап, ареалынын кеңейүү мүмкүнчүлүгүн билүү, ошондой эле жасалма интродукцияны пайдалануу. Көпөлөктөр – Чешуекрылые, или Бабочки – Moths and Butterflies

2 категория (VU B1ac(5)+2ac(5), D2). Белгилүү бир жерлерде бири-биринен бөлүнүшүп саны боюнча көп эмес популяцияларды пайда кылуучу, Гиссар-Алай тоо системасынын түндүк бөлүгүнүн тар чөйрөсүнүн эндемиги.

2016-08-11 33 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11