Хожагар оникс кени


Хожагар оникс кени Баткен облусунун Баткен районунда, Чарку кыштагынан 5 км аралыкта, деңиз деңгээлинен 1600 м бийиктикте. 1984-ж. «Средазкварцсамоцветы» экспедициясы издөө-баалоо иштерин жүргүзгөн. Кен төмөнкү карбондун акиташ катмарына туура келет. Мрамор оникси үңкүрдүн капталында жука (70 смге чейин) кабыкты жана ар түрдүү формадагы сталактит, сталагмит, сталангнаттарды түзөт. Оникс жука жана ири кристаллдуу, тегерек жана түз жол-жол. Өңү бал сымал саргычтан күрөң жана күрөң-кызылга чейин. Оникс жеңил кесилет жана сайкалданат. Мрамор оникси кооз буюмдарды жасоого жарамдуу. Кендин баланстагы запасы С2 категориясы боюнча 150,2 т.

2016-08-11 37 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11