Химиялык физика


Химиялык физика. Химиялык менен жалпылыгы бар физ-нын тармагы (кванттык механика, атомдор жана молекулалар электрондук теориясы) менен химиялык ортосунда пайда болгон илим. Биринчи жолу «Х. ф.» деген терминди А. Эйкен киргизип, «Химиялык физика» курсун жазган (1930-ж. В. Н. Кондратьев, Н. Н. Семенов жана башкалар). «Электрондук химияны» жазып белгилүү бир денгээлде «Х. ф.» термининин маанисин ачууга жетишкен. 1931-ж. СССР илимдер Академиясында Химиялык физ. институту уюштурулган. «Х. ф.» милдети физ-нын теориялык жана эксперименттик жаны методун химиялык проблемаларга, атап айтканда, заттар түзүлүшү жана айланышы ж-дөгү маселелерге колдонуу болуп саналат. Х. ф. негизги изилдөө багыты: 1) атом электрондук денгээлинин түзүлүшү, 2) валенттүүлүк, химиялык күчтүн жана молекулалар ортосундагы байланыш мех. жаратылышы, 3) молекулалар түзүлүшү, алардын геометриясы, электрдик, магниттик жана оптикалык касиеттери, 4) кристаллдар, суюктар, эритмелер, адсорбциялык катмар, иондор сольватациясынын түзүлүшү жана касиеттери, 5) молекулалар динамикасы, мол. спектр, мол. константа, атомдор жана молекулалар дүүлүгүшү, бөлүкчөлөр (атом, ион, мол-лар) кагылушуусундагы энергиянын алмашышы, 6) химиялык кинетика-жылуулук, жарык кванттары, электрон кагылышуунун таасири астында жүрүүчү элементардык химиялык актылар жаратылышы, эркин радикалдар, дүүлүккөн молекулалар жана башка лабилдүү бөлүкчөлөр касиеттери, химиялык активдешүү жаратылышы жана ар түрдүү бирикмелер реакцияга жөндөмдүүлүгү кванттык-мех. теориясы. Фотохим. разряддагы реакциялар, күйүүнүн жана жарылуунун теориясы. Азыркы мезгилде Х. ф. методун колдонуу, агрегаттык абал жана адсорбция ж-дөгү окуу өзүнүн формалдуу мүнөзүн жоготуп, заттар түзүлүшүнүн электрондук көз карашына жана кванттык мех. теориясына көбүрөөк таяна баштады. Термодинамикалык эсептөөлөргө молекулалар динамикалык мүнөздөмөлөрү киргизиле баштады, электр-хим-га жана дат басуу ж-дөгү окууга кинетикалык маселелер киргизилди. Ушунун натыйжасында химиялык кинетика, физ. хим-нын тар жана формалдуу областынан, химиялык айланыштар жараталышын изилдей турган илимдин өзүнчө чон тармагына айланды.

2016-08-11 80 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11