Хичкоктун камео ролдорунун тизмеси


Бул Алфред Хичкоктун (Алфред Хичкок) камео чыгууларынын тизмеси. Ал азыркыга чейин жеткен 52 тасмасынын 39унда камео роль ойногон. (Анын экинчи тасмасы, Тоо бүркүтү , жоголуп кеткен.) Өзү пайда болгон тасмаларда, ал бус айдап, имараттын маңдайында басып, короонун ары жагындагы апартментте туруп, же ал эмес гезиттеги сүрөттө (ага көрүнүүгө башка мүмкүнчүлүк бербеген Өмүр кемеси тасмасында көрүнгөндөй) да кыска көз ирмемге көрүнө калар эле.

Бул оюнкарак кылыгы Хичкоктун колтамгаларынын бири болуп калган жана күйөрмандары анын камеолорун тапканга аракет кылып, мелдешишчү. Кайталанып туруучу тема катары ал музыкалык аспапты көтөрүп алчу - өзгөчө эсте калганы ал Бейтааныштар Жүрүктө тасмасында жүрүккө тырбалаңдап алып бара жаткан контрабас болгон. Өзүнүн эң алгачкы экранга чыгууларында ал аныкталбаган статист катары, топ элдин арасында же камеранын узун тартымында ары-бери басып кадрды толтурчу. Анын кийинки кадрга чыгуулары уламдан-улам көбүрөөк байкаларлык боло баштаган, атап айтканда, Сахнадан коркуу да Жейн Уайман жанынан өтүп бара жатканда анын чүмбөттөнүп алганын көргөнү бурулганы, жана акыркы тасмасы Үй-бүлөлүк кутум дагы каардуу сөлөкөт.

Анын кадрда пайда болгондору ушунчалык белгилүү болуп кеткендиктен, ал аларды көрүүчүлөрдү баяндан алаксытпаш үчүн тасмалардын башында кыла баштаган. Хичкок муну Франсуа Трүффо (François Truffaut), менен узак интервьюларында ырастаган жана чындыгында эле анын кадрга чыгууларынын көбү анын тасмаларынын биринчи отуз мүнөтүндө болот.

Хичкоктун эң узун камео ролдору анын британиялык фильмдери Опуза менен Жаш жана күнөөсүздө . Ал Ребекка (анын Америкадагы биринчи фильминен) кийинки 30 фильминин баарында кадрда пайда болот, Холивудга көчкөнө чейин ал камеолорду анда-санда эле аткарчу.

Бул Хичкоктун өзү тарткан фильмдердеги камео чыгууларынын тизмеси.

2016-08-11 34 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11