Хатынь


Хатынь – мурдагы Хатынь (БССР, Минск облусу) кыштагындагы архитектура-скульптуралык мемориал комплекс, Белоруссиянын Улуу Ата Мекендик согушта (1941–45) курман болгон калкына тургузулган эстелик (1969-ж. 5-ноябрда ачылган). Архитектуралык композицияга кирген жөнөкөй скульптуралык тулкулар «Хатынь набаты", "Кыштак көрүстөнү", "Хатынь түтүнү", мемориал плиталуу "Эстелик аянты" жана Өчпөс от, "Багынбас адам" скульптурасы (архитектор Ю. Градов, В. Занкович, Л. Левин, скульптор С. Селиханов, Лениндик сыйлыгы, 1970) оор драматизмге, баатырдык пафоско каныккан. Азыр Белорус мамлекеттик тарых музейинин филиалы.

2016-08-11 45 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11