Хатто Артур Томас


Хатто Артур Томас (туулган жылы, жери, өмүр баяны бизге белгисиз) — "Манас" изилдөөчү англиялык окумуштуу, фольклорчу. Лондондогу Оксфорд университетинин профессору. "Манас" эпосу боюнча бир нече илимий макалалардын жана монографиянын автору. Алтымышынчы жылдардан "Манас" эпосун изилдей баштаган. Ч. Валиханов тарабынан жазылып алынган "Манастын " үзүндүсү тууралуу А. Маргуландын макаласы "Манас" эпосунун 885 саптан турган факсимилеси менен бирге 1965-ж. Казак Илимдер Академиясынын "Кабарлары" журналына жарыяланган. 1969-ж. X. ушул материалдардын негизинде "Манас" тууралуу алгачкы макаласын жазып, ал Лондон университетинин "Чыгыш жана Африка мектебинин бюллетениндеги" атайын бөлүмдөн басылып чыккан. Анда Ч. Валихановдун кыргыз жергесинен элдик фольклордун бай үлгүсүн жазып алгандыгын белгилеп, А. Маргуландын 1965-жылдагы жана 1968-ж. Фрунзеде (азыркы Бишкек) басылып чыккан макалалары жөнүндө пикир айтат. Ошол мезгилде Ч. Валихановдун "Манас" эпосунун "Бок мурун" эпизодунун үзүндүсүн англисчеге которгондугу жана текст менен кандайча иштегендиги жөнүндө ал макаласында кеңири баяндайт. Ошондой эле тексттеги айрым сөздөргө комментарий берип, анын англисче эквивалентин берген. Жалпы алып караганда Х-нун "Бокмурун", "Көз камандардын окуясы", "Көкөтөйдүн ашы" макалаларынын изилдөө багыты бирдей максат көздөгөн сыяктуу. Эпостун текстти менен таанышып окумуштуу кыргыз, казак элдери жалпы түрк уруусунан экендиги жана өтө көп аймакка тараган уруктуу журт экендигин белгилейт.

Эпостун тарыхый катмарларын карап: "Түпкү атабыз бир келип, Түркүй канга киремин" — деп түрк уруусунан таралгандыгы тууралуу баяндайт. Бир кездерде калмактар Алтай, Кангайды ээлеп кыргыздар менен канатташ жашап, карама-каршылыктар тез-тез болуп тургандыгын тексттин негизинде белгилейт.

Автордун экинчи макаласы 1971-ж. "Борбордук Азия" журналынын 15-сериясынын № 2 санына басылып чыгат. Макала В. Радловдун 1862-ж. жазып алган "Көзкамандар" окуясынын мазмунуна токтолуп, ага төмөнкүдөй багытта анализ берет: 1) Семетейдин төрөлүшү, 2) Элдин каада-салты, 3) Чыгыш элдеринин байыртадан эле бир-бирине болгон байланышы жөнүндө.

Текстте жолуккан айрым түшүнүксүз сөздөргө толук комментарийлер берилип, жөнөкөйлөтүп, кылымдар оозеки сакталып келген ыр түрүндөгү эпостун алтын казынасынан маалымат берүүнү көздөгөн. Тарыхый көз карашта автор кыргыздар аябагандай чоң аймакка таралып, чачыранды болуп жаралгандыгын чыгыш элдери менен ата-бабаларынан бери байланышып, кыз алышып-беришип, тургандыгын баяндайт. Алтай чөйрөсү жөнүндө сөз кылып, жер-суу аттарынын окшоштуктарына жана алардын этимологиясына тиешелүү айрым пикирлерин ортого салат. Мисалы, Бар-Көл, Төр-Көл, Талас, Алтай жана башкалар жер-суу аттарына комментарийлер берилген.

"Көз камандар" жөнүндөгү макаласы — эки бөлүмдөн турган көлөмдүү макала. Анда окумуштуу элдин социалдык абалы, каармандардын образы, ошол мезгилдеги тарыхый кырдаалдын чагылышы бир бүтүндүккө биригип, кандайдыр бир композицияны түзүп тургандыгын айтат. Бул макаланын экинчи бөлүгү "Борбордук Азия" журналынын 6-сериясынын 1972-жылындагы № 4 санында жарык көргөн.

"Манас" жөнүндөгү улам жаңы маалыматтар, кызыктуу үзүндүлөр Х-нун залкар элдик эпопеяны дагы тереңдеп изилдешине түрткү берген. 1977-ж. Х-нун Лондондогу Оксфорд унивеситетинен "Көкөтөйдүн ашы" илимий монографиясы жарык көргөн. Окумуштуу монографиясында эпостун кыргызча текстин латын алфавити менен жарыялап, аны англисчеге кара сөз түрүндө которгон. Ал эми эмгектин теңин атайын комментарийлер ээлейт. Кыргыздын көөнө сөздөрүнө, үрп-адатына, каада-салтына тиешелүү сөздөргө, жер-суу аттарына жана тулпарлардын сырткы өңдөрүнүн аталышына карата кеңири түшүндүрмө берилген. Монографияны жазууда ал А. Маргулан, Ч. Валиханов, В. Радлов, В. М. Жирмунский, В. Бертольд жана башкалар бир катар фольклорчу чыгыш тануучулардын эмгектерин пайдаланган. Окумуштуунун эскерүүсү боюнча Борбордук Азия элдеринин чыгармалары менен кызыккан Чыгыш жана Африка бөлүгүндө кызмат өтөгөн профессорлор К. Р. Бавден, В. Левс, ушул бөлүм менен тыгыз байланышта болуп турган бир катар институттар, университеттердин профессорлорунун пикирлерин угуп, эмгектерин пайдалангандыгын белгилейт. Х-нун изилдөөлөрү абдан кылдаттык менен маңыздуу иштелгендиги, ошондой эле кыргыз эпосун чет элдерге таанытып жаткандыгы менен баалуу.

"Манас" эпосу бүгүнкү күндө Венгрияда , Моңголияда , Америкада , Германияда , боордош Орто Азия республикаларында толук болбосо да басылып чыккан, бирок илимий багытта мындай монографиялык изилдөө ишке аша элек, ошол себептен Х-нун бул эмгеги илимий багыттагы биринчи көлөмдүү эмгек.

2016-08-11 27 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11