Ханафий мазхабы


Ханафий мазхабы (араб. حنفية‎‎ - ханафия) — сунний исламдагы төрт укуктук мектептин бири. Негиздөөчүсү Абуханифа жана анын окуучулары Мухаммад аш-Шайбани, Абуюсуф жана Зуфар ибни ал-Хузайл болуп эсептелинет.

Ханафий мазхабы бардык укуктук мектептердин арасынан эң жайылганы болуп саналат. Ханафийлер Орто жана Борбордук Азияда, Казахстанда, Азербайжанда, Түркияда, Сирияда, Мисирде жана башка өлкөлөрдө жашашат. Орусиядагы ханафийлер болуп татарлар, башкырттар, ногойлор, карачайлар, черкестер, кабардиндер, абазиндер, кумыктардын бир бөлүгү жана башка элдер эсептелинет.

Абуханифанын дээрлик бардык мурасы андан оозеки түрүндө окуучуларына өткөн, алар болсо анын мазхабынын жоболорун жазып алышкан жана системалаштырышкан. Абуханифанын мектебинин сакталышы, системалаштырылышы жана жайылышында көрүнүктүү ролду анын эң белгилүү эки окуучусу (сахибайн) — Абуюсуф менен Мухаммад аш-Шайбани ойногон.

Укуктук буйруктарды чыгаруунун ханафий усулу төмөнкү булактардан негизделген:

Ханафий мазхабындагы укуктук чечимдердин чыгырылыш усулдарынын бири — мектептин беделдүү адамдарынын бүтүмдөрүнүн так иерархиясы (Абуханифа, Абуюсуф, аш-Шайбани, башкалар). Эгер кандайдыр-бир маселе боюнча кыяс катары дагы, истихсан катары дагы колдонууга мүмкүндүк келсе, көбүнчө артыкчылык истихсанга берилген.

Колдо бар ар кандай буйруктардын бирин тандоо зарылдыгы келип чыкканда, артыкчылык ишенерлигирээгине же көпчүлүктүн пикирине берилет. Алсыз жана шектүү хадистер бөтөнчө учурларда гана далил катарында колдонулат. Негизинде аларга караганда истихсан жогору бааланат.

Абуханифанын шакирттеринин аракеттеринин артынан анын мазхабы мусулман укуктугунун кеңкучактуу мектеби болуп, иш жүзүндө фыкыхтын бардык маселелерин чечүүгө кудурети жеткен. Ханафий мектеби Аббасийлер тарабынан колдоого алынып, мамлекеттин укуктук негизинде кызыгууга алынган.

Абуюсуф халиф Харунуррашид тарабынан Багдаддын башкы казылыгына коюлган жана вилайеттердеги казыларды ал дайындоочу эле, мында ал өзүнүн мазхабынын өкүлдөрүнө артыкчылык берип, анын жайылышына мүмкүндүк берген. Осмон жана Могол империяларында ханафий мазхабы мамлекеттик мартабаны алган. Көпчүлүк азыркы мусулмандар — дал ушул укуктук жөндү жолдоочулар.

2016-08-11 190 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11