Халил Иналжык


Халил Иналжык (1916-ж. туулган), таанымал түрк тарыхчысы, Осмон империясынын саясий жана мамлекеттик башкаруу боюнча тарыхын жазган окумуштуу. Теги крым татарларынан, атасы 1905-ж. Крымдан Стамбулга көчүп келип келип отурукташып калышкан. Анын атасы белгилүү илимпоздор Юсуф Акчура жана Адри Арсалдар менен жакын мамиледе болгон. 1936-ж. Анкара университетинин тил, тарых жана география факультетине конкурс аркылуу кирип, окуй баштай. Ал учурда аталган университетте Германиядан гитлерчилерден качкан илимпоздор көп иштеше турган. Халил Иналжык фарси (иран), араб тилдерин өздөштүргөн, мындан башка англис, француз, немис тилдерин да үйрөнгөн. Алгачы илимий эмгеги (докторлук) Болгария жана танзиматка арналган. Университетте иштеп жүрүп Осмон Империясынын тарыхын тереңдетип изилдей баштаган. Ошол мезгилден тартып анын Осмон империясынын саясий-экономикалык тарыхы боюнча жазган эмгектери батыш тилдеринде жарык көрө баштаган болучу. АКШнын бир катар университеттеринде дарс окуп, Осмон тарыхын окуп үйрөнүү илимий борборун негиздеген. 20 китеп, 300 ашун илимий эмгектердин автору.

2016-08-11 40 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11