Халидов Анас Бакиевич


Халидов, Анас Бакиевич (25.02.1929 – 01.12.2001) – орусиялык көрүнүктүү чыгыш таануучу, арабист. Филология илимдеринин доктору, профессор.

Анас Бакиевич Халидов 1929-жылы 25-февралда Орусиянын Татарстан автоном жумуриятындагы Буйин районунун Черки-Кошаково кыштагында туулган. Энеси карапайым үй-бүлөдөн чыккан, атасы арап тилинде дурус таалим алган.

Алар ажырашып кетип, Анас өз атасы менен кошо 1940-жылы Казан шаарына, андан соң 1941-жылы Ташкенге көчүп келет. Мында 7 жылдык мектепти татар тилинде окуйт.

Атасы Кызыл Армияга чакырылганда бир канча убакыт Анас эптеп тирилик кылат. Ташкент обсерваториясынын аймагында жашап, ленинграддык окумуштуулардын далай көмөгүн көрөт.

Окуу жылдары

1946-жылы Ленинградга келип, ЛМУнун Чыгыш таануу факультетине тапшырат. Ал кезде факультетте 10 академик жана мүчө кабарчы сабак берген.

Араб филологиясы кафедрасын академик Игнатий Юлианович Крачковский жетектеген. Ал кездеги доцент В. И. Беляев да Анастын окутуучуларынан болгон.

1951-жылы университетти ийгиликтүү аяктап, аспирантурага тапшырат. "Таха Хусейндин көркөм прозасы" деген темада кандидаттык ишин жактайт.

Эмгек жолу

Ал аспирантураны аяктагандан кийин СССР ИАсынын Чыгыш Таануу институтунун Ленинград бөлүмүндө Араб кабинетинде иштеп калат.

1960-61-жылдары ал Абу Дулафтын "Экинчи катынын" котормосун жарыялайт (анын үстүнөн студент кезинен эле П. Г. Булгаков менен чогуу иштеген), Усама ибн Мункыздын «Китаб ал-маназил ва-д-дийар» эмгегинин текстин жарыялайт.

А. Халидов 1960-жылдардын башынан тартып Араб кабинетин жетектеп калат.

1985-жылы ал «Араб колжазмалары жана араб колжазма салты» («Арабские рукописи и арабская рукописная традиция» (М., 1985) деген даңазалуу монографиясын жарыкка чыгарат. Бул эмгек анын филология илимдеринин доктору даражасын алуу үчүн жазган диссертациясына өзөк болгон.

Ал Махмуд Кашгаринин «Дивану лугати-т-турк» чыгармасынын кириш бөлүгүн орус тилине эң мыкты которгон окумуштуу катары да тарыхта калмакчы.

Өмүрүнүн соңунда ал Татарстанга да илимий жардам берип, Казан университетинде эки жыл иштеген. Андан тышкары "Курандын" татарча илимий котормосун даярдаган.

2001-жылы 1-декабрда ал Казан шаарында дүйнөдөн кайткан.

Белгилүү чыгыш таануучу О. Г. Большаков Анас Халидовдун дүйнөдөн узашы менен Петербургда «араб таануунун бүтүндөй бир доору соңуна чыкты» деп кайгырып жазды.

Анас Халидовдун жубайы Лилия Юсуфжановна Тугушева да орусиялык көрүнүктүү чыгыш таануучу. Ал – түркология, байыркы түрк жазмалары боюнча ири адис.

2016-08-11 65 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11