Хадис ислам дини


Хадистин сөздүк мааниси жаңы, Куранда болсо кабар жана сөз дегенди билдирет. Терминологиялык мааниси болсо Аз. Пайгамбарга таандык сөз, кыймыл аракет, колдосу(тастыктоо), адеп-ахлак жана физиологиялык сыпаттар. Сүннөттүн сөздүк мааниси жол дегенди билдирет. Жолдун жакшысына да жаманы да сүннөт деп айтылат.

1) Кавли: Пайгамбарга таандык сөз. 2) Фиили: Пайгамбардын иш аракеттеринин чагылдырылышы. 3) Такрири: Пайгамбардын көргөн бир ишке каршы чыкпоосу жана аны колдошу. а) Ачык түрдө айтып колдошу б Унчукпастан колдосу 4) Васфи: (Таандык) а) Адеп-ахлак сыпаттары: (мүнөзү, ахлагы ) б) Физиолгиялык сыпаттары: (бой, түсү ж. б.)

Хадистин маанилүүгү Аз. Пайгамбардын пайгамбардык милдети менен бирге башталган. Курани Каримда: «Эй Пайгамбар, Раббинден сага түшүрүлгөндү жеткизгин. Эгерде аткарбасан анын пайгамбардык милдетин аткарбагандай болосун.» Аз. Пайгамбар сахабаларына илим алууга үгүттөгөн. Мисалы: «Аллах араңардан иман келтиргендерге жана илим берилгендерге даража даража жогорулатсын», «Кимде ким илим жолуна түшсө, Аллах ага бейишке кеткен жолду жеңилдетет», «Аллах бизден бир хадис угуп аны жаттап башка бирөөгө жеткизсе жүзүнү ак кылсын...» сыяктуу хадистер алардын хадис илмине риваят кылуусуна себеп болгон.
Курани каримдан кийин сүннөт биз үчүн экинчи булак. Сүннөт аркылуу Куран аяттарындагы принциптерди Аз. Пайгамбардын турмушунда көрсөк болот. Анткени ал Курандын буйруктарын жана тыюуларын эң жакшы абалда аткарган. Сүннөтсүз дин болбойт, динсиз сүннөт да болбойт.
Фыкых усул аалымдар сүннөттү Аз. Пайгамбардан Курандан башка келген жана диний өкүмгө далил боло турган сөз, кыймыл аракет жана тастыктоолору деп аныктама беришкен. Ал эми фыкыхчылар сүннөттү парз жана важиб болбо шарты менен Аз. Пайгамбарга ыйгарылган нерселер кирет.
Ислам үммөтү, Аз. Пайгамбарды Алланын элчиси катары тааныган жана Куранды окугандан тартып Китеп-Сүннөттү бирге жашап келген. Курандагы принциптердин баардыгын Аз. Пайгамбардын жашоосунда көрүүгө мүмкүн. Ошондой эле кээбир аяттардын чечмеленишин Алла элчисинин турмушунда көрсө болот. Мисалы "намаз окугула" деген буюрукта канча жолу? канча ракат? айтылганы белгисиз. Бирок Расулуллах (с. а. в.) бизге бул нерселерди түшүндүрүп амалга төккөн. Көптөн аяттарда жана хадистерде Алла расулуна баш ийүүгө чакырат. (Арааф, 7:158, Фатх, 48:8-9-13, Анфаал,8:20-22, Али Имран, 3:32, Бухари, Жихад, 109,)

2016-08-11 146 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11