Хадис Амалдар ниетке жараша


1-Хадис

عَنْ اَمِيرِالْمُؤمِنِينَ اَبىِ حَفْصٍ عُمَرَابِنِ الْخَطّاَبِ سَمِعْتُ رَسُولَ اللَّهِ يَقُولُ إِنَّمَا اْلاَعْمَالُ بِالنِّيَّاتِ وَإِنَّمَا لِكُلِّ امْرِئٍ مَا نَوَى فَمَنْ كَانَتْ هِجْرَتُهُ إِلَى دُنْيَا يُصِيبُهَا أَوْ إِلَى امْرَأَةٍ يَنْكِحُهَا فَهِجْرَتُهُ إِلَى مَا هَاجَرَ إِلَيْهِ .
Момундардын башчысы Абу Хафз Умар бин Хаттаб (р. а.) пайгамбарыбыз (с:а. в.) дын мындай деп жатканын уктум, деди: "Кылынган иштер ниеттерге жараша. Ар ким кылган ишинин үзүрүн ниетине жараша көрөт. Кимдин ниети Аллага жана Анын элчисине баруу, аларга кошулуу үчүн көчсө, ага жазылган сооп да Аллага жана Анын элчисине кошулуу үчүн көчкөндүн сообу берилет. Кимде-ким бир байлык үчүн же бир аялга үйлөнүү үчүн жолго чыкса (көчсө) хижрат сообу ошого жараша жазылат.." (Бухари, Бадул-вахй 1, Ыйман, 41, Нике, 5, Манакибул-ансар 45, Ытк 6, Айман 23, Хийал 1, Муслим, Имарат 155, Ошондой эле карасаңыз болот: Абу Давуд, Талак 11, Тирмизи, Фадаилул-жихад 16, Насаи, Тахарат 60, Талак 24, Айман 19, Ибни Мажа, Зухд 26)

Аллама Айнинин айтымында бул хадис фард гариб болсо башка жол менен машхур. Бирок кээбирлердин пикиринде мутаватир эмес. Анткени бир гана Яхйа бин Саидден риваят айтылган. Шайх Кутбуддин болсо "Бул хадис көптөгөн жолдор (тарик) менен бирге хабар вахид деп да аталат. Мутаватир шарттары көрүнбөйт. Эң чыныг нерсеси ал кабарды Аз. Умардан башка эч ким уккан эмес. Умардан Алкама, Алкамадан Мухаммад бин Ибрахим, Мухаммаддан Яхйа бин Саид ал-Ансариден кийин гана бул кабар кеңири таралган. Демек хадистин акыркы тарабынан тартып машхур, баш тарабы гариб саналат.
Абул Футух ат-Таинин айтымына караганда Яхйа бин Саидден эки жүздөн ашык рави риваят алган. Бирок муснад катары бир гана бул тариктан сахих (ишеничтүү) экендигине улама бир пикирге келишкен.
Баззар, Ибни Сукути жана имам Абу Абуллах Мухаммад бин Аттаб сыяктуу уламалар бул хадисти Аз. Пайгамбардан (с. а. в.) Аз. Умардан башка риваят алган эмес деп айтышса да, чындыгында ал хадисти Аз. Умардан башка жети сахаба риваят кылган.
Ибни Мандах мындай айткан: "Бул хадисти Умардан башка Саид бин Аби Ваккас, Али бин Аби Талиб, Абу Саид ал-Худри, Абдуллах бин Масуд, Абдуллах бин Умар, Анас, Ибни Аббас, Муавия, Абу Хурайра, Убада бин Самит, Утба бин Абдил-Аслами, Хазал бин Сувайд, Утба бин Амир, Жабир бин Абдиллах, Абу Зар, Утба бин Мунзир жана Укба бин Муслим сыяктуу сахабалар риваят кылышкан."
Бул хадис сахих болгондугуна эч шек жок. Анткени аны бул илимдин имадарынан болгон Яхйа бин Саид ал-Ансари риваяттын башында турган. Андан болсо ар бири үммөттүн хафыз жана имамдарынан 250 киши риваят кылышкан. Ибни Мандахтын "ал-Мустахраж" эмгегинде бул санды үч жүзгө чыгарса, Хафыз Абу Муса жана Шайхул Ислам Абу Исмаил ал-Харави Яхйадан жети жүз киши риваят кылганын белгилеген. Ошондой эле бул хадис Муваттадан башка хадис китептеринин бардыгында жазылган.

وَمَاۤ اُمِرُوۤا اِلَّا لِيَعْبُدُوا اللّٰهَ مُخْلِص۪ينَ لَهُ الدّ۪ينَ حُنَفَاۤءَ وَيُق۪يمُوا الصَّلٰوةَ وَيُؤْتُوا الزَّكٰوةَ وَذٰلِكَ د۪ينُ الْقَيِّمَةِ
"Аларга чыныгы динди таза, бекем кармап, бир гана Аллахка сыйынууга жана намаз окуп, зекетти (тиешелүү) орундарга берүүгө буйрук кылынды. Мына ушул гана акыйкат жолундагы адамдардын тутунган дини." (Баййина 98/5)

قُلْ اِنْ تُخْفُوا مَا ف۪ي صُدُورِكُمْ اَوْ تُبْدُوهُ يَعْلَمْهُ اللّٰهُ ...

"Эгерде жүрөгүңөрдөгүнү жашырсаңар да, ачык айтсаңар да, (баары бир) Аллах аны билет". (Али-Имран, 29)
Жашыруун же ачыктык инсандар үчүн айтылат. Алаах Таала жашыруун кылган иштериңди билгендей эле, жүрөктөгү сезимдерди, ой-кыялдарды да билет. Аллага ыйман келтирген, анын динин сүйгөн бир адам баардык жүрүм-турумун, жадагалса көкүрөгүндөгү ойлорго да көңүл бурат.

Башка адамдар ажы сообун алууга сапар тартышса бир адам Умму Кайс аттуу бир аял менен баш кошуу үчүн жолго чыкканы айтылат. Ат-Табарани «ал-Му-жамул-Кабир» эмгегиндеги ишеничтүү бир санадда бул риваятты бизге баяндаган: «Биздин арабызда Умму Кайс аттуу бир аялга көңүлү бар адам бар эле. Ал аял тигил кишини хижрат кылганга чейин өмүрлүк жубай болусуна макулдугун берген эмес. Хижрат кылгандан соң экө баш кошушту. Биз ага «Умму Кайс мухажири» деп атап калганбыз.
Хижрат сөзүнүн сөздүк мааниси бир нерсени таштоо же башка жерге көчүү дегенди билдирет. Диний көз карашта Алланын тыйуу салган нерселерин таштоо деп аныктама берет. Хижрат Ислам тарыхында эки этапта болгон. Биринчиси Мекке доорунда мушриктердин эзүүлөрүнөн улам Эфиопияга мусулмандардын хижрат кылышы. Экинчиси капыр мамлекетинен (Мекке) Ислам мамлекетине (Мадина) хижраты. Хадисте дүйнө үчүн аткарылган хижраттын ибадат катары каралбашы айтылган.

Бул хадис Ислам динин негизи жана диний өкүмдөрүн өзүнө камтыган хадистердин бири катары кабыл алынган. Абу Давуд мындай айткан: "Ниет хадиси, Исламдын жарымы. Анткени дин же захир (амал) же батын (ниет)"
Имам Ахмад жана Имам Шафи: "Илимдин үчтөн бири ниет хадисинде орун алган. Себеби, пенденин ырыскысы дил, тил жана органдары менен тыгыз байланышкан. Имам Байхаки: "Инсандын бардык амалдары жүрөк, тил жана башка органдары менен ишке ашат. Ниет жүрөктүн амалы" деген экен.
Ошол себептен уламалар өз китептеринин башында бул хадис менен баштоону туура көрүшкөн. Бухари Сахих деген эмгегинде бул хадис менен баштаган. Ан-Навави "Риядус-салихин", "ал-Азкар" жана "Ал-Арбауна Хадисан ан-Навави" аттуу эмгектеринде бул хадис менен баштоону туура көргөн.
Имам Шафи мындай деген: "Ниет хадисинде фыкыхка тиешелүү жетмиш маселе каралган. Жаман ниети менен башкаларга зыян келтирүүнү каалаган кишиге Алла кыямат күнүнө чейин эч бир далил калтырбаган. " Абдуррахман бин Махди: "Бир китеп жазыла турган болсо бул хадис менен баштасын."
Сөздөр менен кыймыл-аракеттер көбүнчө ниетке жараша боло тургандыгы үчүн, жакшы ниет кээде өзүнчө бир ибадат. Бул хадис көбүнчө дене мүчөлөрүбүз менен кылган иштерде камтыйт. Жолдогу ташты, ыргытуу сооп. Уурулук кылуу оюна келип андан Алла ыраазылыгы үчүн баш тартса бул дагы ибадат. Тил менен ниет кылып жүрөктөн кылбасаң, анда ал чыныгы ниет болуп эсептелбейт. Бир хадисте айтылгандай Аллах биздин бой турпатыбызга, өңүбүзгө эмес, жүрөгүбүзгө карайт, ниеттерибизди баалайт.
Абдуллах ибни Умардын аалым жана такыбаа уулу Мадинанын кембагалынын бири болгон Саалим, халифа Умар ибни Абдулазизге жазган катында мындай дейт: "Эсиңде болсун, Алланын кулуна жардамы, кулдун ниетине жараша. Кимдин ниети толук болсо, Алланын жардамы да толук болот. Аз болсо аз болот."
Ар кимдин кылган ишинин үзүрү бул чындыкка таянат. Кылынган иш кызмат жагынан кемтиксиз болушу мүмкүн, бирок ал ишти түз ниет менен кылуу керек. Алла ыраазылыгы үчүн кылынган иштин эч кандай баркы жок. Иштерибизди барктуу кылган ыкылас. Мисалы инсандар көрсүн үчүн кылынган ибадаттар ширк кошуу даражасында жана эң чоң күнөө. Бирок риа максатында эмес, башка кишилердин ал ибадатты кылуусуна өрнөк болуу ниетинде ибадат кылса бул пазилетүү иш. Мындай кылган момун милдетин аткарып айрыкча бир иш кылгандыгы үчүн өзүнчө сооп алат. Мактануу үчүн кылынган ибадаттын эч кандай кадыр-баркы жок экендигин пайгамбарыбыз айткан. Бул хадиске таяна турган болсок кыяматта алгач бир шейит үчүн өкүм чыгарылат. Ага эмне иш кылгандыгы суралганда: "Сен үчүн согуштум, шейит болдум" дейт. Бирпок ага: "Жалган айтасың. Баатыр деп аташсын деп согуштуң," деп ал адамды сүйрөтүп барып тозокко ыргыттырат. Кийин илимдүү Куран окуган адамды да ошол эле абалда тозокко салат. Кийин бай адамды да ошондой эле суроолордун, жана риакарлыгынын негизиниди тозокко ыргытат. (Муслим, Имара 152)
Негизи ибадат болбогон кээ бирки иштер, түз ниет менен кылынганда ибадат болот. Мисалы тамак ичкен адам түз ниет менен ибадат кылам деп ичсе жеп жатканда да сооп жазылат. Хадистеги көчүү жөнүндөгү сооп да айтылат. хижрет (көчүү) бир нерсени таштоо маанисинде. Кудайдын тыйган нерселерин кылбоо да хижрат эсептелет. Пайгамбарыбыз (с. а. в.): "Хижрат кылган адам Алланын тыйган нерселерин таштаган адам" дейт.
Хадисте айтылган хижраттан максат, каапырлардын колунда болгон мекенин таштап Исламий бир мекенге көчүү. Аз. Пайгамбар менен жоро-жолдоштору, Меккеден Мединага бул макасат менен көчүшкөн. Пайгамбарыбыздын айткысы келген төөмөнкүлөр: Бир мусулман көчкөндө байлыкты ойлобосо, бир гана Алланын ыраазычылыгын макасат кылса, хижраты кабыл алынат, соопко калат. Кээ бирлери байлык, мансап үчүн хижрат кылышкан. Муну Куранда Аллах мындайча айткан:

2016-08-11 162 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11