Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Кыш келе жатат, көмүр алуудагы кеңештер.

Гитара (ыр)

Гитара (чыгарма)
Сөзү, обонуА. Коробаевдики

Айлуу түндө, жайкы түндө жан жолдошум гитара,
Өңү сулуу, марал сындуу тийишебиз кыздарга.
Кыз бурулуп, жүзүн буруп мага карап жылмайса,
Боздоп иет, сайрап иет колумдагы гитара.

Айсыз түндө, кышкы түндө жан жолдошум гитара,
Өңү аппак, сөзү таптак тийишебиз кыздарга.
Кыз бурулуп, жүзүн буруп мага карап мурчуйса,
Үнү чыкпай буулуккансыйт колумдагы гитара.

Мен сүйлөшкөн орус кызы аппак жүздүү Маруся,
Чындыгында маган эмес, ашык экен гитарга.
Мейли сүйсүн гитарамды, мейли мени сүйбөсүн,
Экөөбүз тең, өзгөчө мен сүйгөнүмө гитара.

Жайгаштыруу: 2016-05-20, Көрүүлөр: 455, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2023-08-08
Талкулоо/Пикирлер