Фонетика

== Фонетикa ==коён

Тил илими ичинде, фонетика деген үндөрдүн өзгөчөлүктөрү жөнүндөгү илим. Тилдеги тыбыштардын жасальшы, тыбыштык системасы, тыбыштык өзгөрүүлөрү жөнүндөгү тил илиминин бир тармагы. Гректин phone — үн деген сөзүнөн алынган: салыштыр: телефон, магнитофон, микрофон.

Тыбыштарды жасоого катышкан органдар сүйлөө органдары деп аталат. Сүйлөө органдарына: дем алуу органдары, үн түйүндөрү, ооз жана мурун көндөйү, тил жана эриндер, борбордук нерв системасы ж. б. кирет. Буларсыз эч качан тыбыштар жасалбайт.

Белгилүү бир тартип боюнча кабыл алынган тамгалардын жыйындысы алфавит деп аталат. Алфавит деген сөз альфа жана бета деген эки башкы грек тамгаларынан алынган, бул cөз алфавиттеги а жана б нын аталышы, башкача айтканда альфа – а, бета – б. Алиппе араб алфавитиндеги биринчи тамга а (алиф) жана экинчи тамга б (бэ) нин аталыштары, алиф жана бэ фонетикалык жактан өзгөрүүлөргө учураган. Кыргыз алфавити орус алфавитинин негизинде түзүлүп, үч тамга (ө, ү, ң) кошулган. Орус алфавитине 1941-жылдан баштап өттүк.

Сөздөгү айрым үндөр тыбыш деп аталат. Тыбыштарды белгилөө үчүн кабыл алынган шарттуу белги – тамга. Кыргыз тилинде 36 тамга бар.

Жалаң гана үн катышып айтылган тыбыштар үндүү тыбыштар деп аталат. Элдик оозеки тилде 14 үндүү тыбыш бар. Алар: а, о, ө, э, и, ы, у, ү, аа, оо, өө, ээ, уу, үү жана ə.

Үндүү тамгалар 12. Алар: а, о, ө, э, и, ы, у, ү, я, ю, ё, е.

Кыргыз тилиндеги үндүү тыбыштар тилдин, эриндин катышына, жаактын ачылышына жана созулуп атылышына карай төрткө бөлүнөт.

Жоон үндүүлөрдү айтканда тилдин учу астыңкы тишке тийбей, артка карай тартылып, тилдин түбү бир аз өйдө көтөрүлөт. Жоон үндүүлөргө: а, о, ы, у, аа, оо, уу кирет.

Ичке үндүүлөрдү айтканда тилдин учу алга карай бир жүткүнчүктөп, тилдин ортосу тандайды көздөй көтөрүлөт да, өпкөдөн чыгып келе жаткан аба ичке чыгат. Ичке үндүүлөргө: э, и, ө, ү, ээ, өө, үү кирет.

Кыргыз тилиндеги айрым үндүүлөрдү айтканда эки эрин чормоюп, алга жүткүнчүктөйт. Демек, эриндин жардамы менен айтылган тыбыштар эрин үндүүлөр деп аталат. Аларга: о, у, ө, ү, оо, уу, өө, уү кирет.

Айрым үндүүлөрдү айтканда эрин артка жыйрылып, аба эркин чыгат, б. а. эрин катышпайт. Аларга: а, ы, э, и, аа, ээ кирет.

Жаактын кен ачылышы менен жасалган үндүүлөр кең үндүүлөр деп аталат. Алар: а(аа), э(ээ), о(оо), ө(өө).

Ооздун ачылышы кууш болуп, тилдин өйдө көтөрүлүшү аркылуу жасалган үндүүлөр. Алар: ы, и, у, ү, уу, үү.

Кыска үндүүлөргө караганда созулуп айтылган, өз алдынча фонемалык касиетке ээ болгон үндүүлөр созулма үндүүлөр деп аталат: аа, оо, уу, үү, ээ, өө. ,

Созулуп айтылбастан, кыска айтылган үндүүлөр. Алар: а, э, о, ө, у, ү, ы, и.

Эгер й жана е тыбыштары катар келсе, е менен жазылат. Мисалы, кийет эмес, киет, чийет эмес, чиет.

Жазууда а, о, у, э үндүү тыбыштары й тыбышынан кийин келсе, я, ю, е, ё тамгалары менен жазылат. Мисалы, аяк, туюк, кием, коён. Созулма оо, уу үндүүлөрү й тыбышынан кийин келсе, ёо, юу түрүндө жазылат. Мисалы, боёо, коюу, саюу, жоюу. Орус тили аркылуу кабыл алынган сөздөрдө я, ю, е, ё тамгалары орус тилиндегидей жазылат. Мисалы, октябрь, костюм, шофер, варенье. Кыргыз тилиндеги кээ бир сөздөр төмөнкүчө жазылат. Мисалы, коёюн (койойун), уююн (уйуйун), муююн (муйуйун).

Кыргыз тилинде 34 фонема бар. Үндүү фонемалар – 14, үнсүз фонемалар – 20.

Тилдин тыбыштык түзүлүпгүн жана анын өзгөчөлүктөрүн изилдөөчү тил илиминин бөлүгү. Фон — үн жана логос — окуу, илим деген сөздөрдөн алынган, б. а. тилдеги тыбыштардын үндөрүн үйрөтүүчү илим, фонетикага

Үндүү тыбыштардьш эки сөз аралыгында айтылышы жана жазылышы

Жанаша айтылган эки сөздүн биринчи сөзү үндүүлөр менен аяктаса, экинчиси сөзүнүн башкы тыбышы үндүүлөр менен башталса, эки сөз арасындагы үндүү тыбыштын бири түшүп айтылат, бирок жазууда ага жол берилбейт.

Мисалы, айтылышы жазылышы сарала сары ала баралек бара элек алтай алты ай айталбай айта албай

Бир сөз ичиндеги үндүү тыбыштардын алга карай ээрчишип (окшошуп) айтылышы жана жазылышы

Эгерде сөздүн аяккы мууну жоон үндүү болсо, мүчөдөгү үндүү тыбыш да жоон үндүү болот. Мисалы, жылкычы, колхозчу, шаарга, айылдан, тоодо. Эгер сөздүн аяккы мууну ичке үндүү болсо, мүчөдөгү үндүү тыбыш да ичке үндүү болот. Мисалы, мектеп+га=мектепке, эгин+ны=эгинди, сут+нан=сүттөн, темир+чы=темирчи.

Үндүү тыбыштардын түшүп калышы

Экинчи муунунда кууш үндүүлөр (ы, и, у, у) болгон сөздөргө мүчө жалганганда, басымдын орун алмашуусунан уңгунун аяк-кы муунундагы кууш үндүүлөр түшүп калат. Мындай учурда кээ

бир сөздүн аягындагы н тыбышы д тыбышына өтөт. Мисалы, карын +ым=кардым, эрин+ым=эрдим, кийим+ым=киймим, оюн+а=ойно, уйку+ла=укта, сөз+ла=суйлө.

Айтылганда жолтоолукка учурап, көбүнчө тыбыштын жардамы менен жасалган тыбыштар үнсүз тыбыштар деп аталат. Кыргыз тилиндеги үнсүз тыбыштар – 25. Алар: б, в, г(и), г(ы), д, ж(и), ж(ы), з, й, к(и), к(ы), л, м, н, ң, п, р, с, т, ф, х, ц, ч, ш, щ.

Кыргыз тилиндеги үнсүз тыбыштар жасалуу ордуна, жасалуу ыгына, үн менен шыбыштын катышуусуна карата үч топко бөлүнөт.

Үнсүз тыбыштар жасалуу ордуна карай төмөндөгүдөй болуп бөлүнөт.

Бул тыбыштар астыңкы эрин үстүңкү эринге тийишкенде жасалат. Алар: б, п, м.

Бул үнсүздөрдү айтканыбызда астыңкы эринибиз үстүңкү тиштерге тийишип айтылат. Булар: ф, в.

Уччул үнсүздөрдүн айрымдары тилдин учу тишторп* же таң-дайдын алды жак бөлүгүнө тийишкен учурда жпсалса, айрым-дары ушул органдардын бири-бирино пнчи тиинншгй, жакын-дашкан абалында жасалат. Алар: т, д, з, с, ч, ш, ж, н, л, р, ц, щ.

Бул тыбыштар тилдин орто болүгү тнңдпПго жакындап, көтөрүлгөн абалында жасалат. Алар: й, к, (ки), г, (ги), ж (журнал ).

Тилдин түпкү болүгү жумшак таңдайга тийишкенде же жакындап көтөрүлгөндө жасалат. Буларга: қ (кы), ғ (гы), ң, х тыбыштары кирет.

Үнсүз тыбыштар жасалуу ыгъша карай жарылма, жылчыкчыл, мурунчул, капталчыл, дирилдеме, бириккен үнсүздөр болуп бөлүнөт.

Бул тыбыштарды айтканыбызда аба бири-бирине кептелип, бириккен органдардын арасын жарып чыгат да, бири-бирине кептелип турган органдар (эрин, тил менен тандай же тил менен тиш-тер) тез ажырап кетет. Алар: б, п, д, т, г (гул), к (көл), к (кол).

Сүйлөө органдарыбыздын (тил менен тандай же тил менен тиштер) бири-бирине тиер-тийбес болуп жакындашынан өтө кууш жылчыкча түзүлөт. Аба ошол жылчыкча аркылуу сүрүлүп өтүшүнөн жылчыкчыл үнсүздөр жаралат. Буларга: з, с, ж (жаңы), ж (жюри), ш, й, г, в, ф, х үнсүздөрү кирет.

Кыргыз тилинде м, н, ң тыбыштары аба мурун көңдөйү аркылуу өткөндө жасалат.

Капталчыл үнсүздөргө л тыбышы кирет. Бул үнсүздү айтканда, тилдин учу үстүңкү тиштерге такалып, аба тилдин эки капталындагы ачыктар менен өткөндө жасалат.

Р тыбышы дирилдеме үнсүз деп аталат, себеби бул үнсүздү айтканыбызда тилдин учу дирилдеген абалда болот.

Бириккен үнсүздөр щ, ц. Бул тыбыштарды айтканыбызда жарылмалар менен жылчыкчылдардын жасалыш белгилери өз ара айкалышып турат.

Үнсүз тыбыштар үн менен шыбыштын катышына карата уяң үнсүздөр, шуулдама үнсүздөр, каткалаң, жумшак, түгөйлүү жана түгөйсүз үнсүздөр болуп бөлүнөт.

Уяң үнсүздөргө: л, м, н, ң, р, й тыбыштары кирет. Бул үнсүздөр шыбышка караганда үндүн көбүрөөк катышып айтылышы менен жасалат.

Шуулдама үнсүздөр жалаң шыбыш менен же шыбыш менен үн-дүн катышы аркылуу жасалат. Бул өз ара төмөндөгүдөй болуп бөлүнөт.

Үн катышпай, жалаң гана шыбыш аркылуу жасалган үнсүздөр каткалаң үнсүздөр деп аталат. Алар: к, п, с, т, ф, х, ц, ч, щ, ш.

Шыбыш менен үндүн кошулушу аркылуу жасалган үнсүздөр жумшак үнсүздөр деп атачат. Аларга: б, в, г, д, ж, з, й, л, м, н, ң, р, л кирет.

Кыргыз тилиндеги түгөйлүү үнсүздөр: б – п, в – ф, д – т, ж – ш, к – г, з – с. Булардын айтылышы бири-бирине жакын болгондуктан түгөйлүү үнсүздөр деп аталат.

6. Түгөйсүз үнсүздөр Түгөйсүз үнсүздөр: л, м, н, ң, й, р, х, ц, ч, щ.

а) сөз ортосунда жана сөз аягында келгенде өзүнөн мурунку үнсүз тыбышты жумшартат. Мисалы, календарь, автомобиль, табель, асфальт, пальто. б) ал эми я, ю, ё, е жана и тамгаларынан мурдн жазылган учурларда ажыратуу маанисинде колдонулат. Мисалы, пъеса, павильон, судья. Ильич, батальон..Эгер ичкертүү (ь) белгиси менен аяктаган сөздөргө мүчө уланса, ь белгиси түшүп калат. М и с а л ы, январь - январы, Игорь Игордун, Игорго, июнь – июнга, июндун.

Сөздөгү бир ыргак менен айтылган бир же бир нече тыбыш муун деп аталат. Сөз бир же бир нече муундан турат. Сөздө канча үндүү болсо, ошончо муун болот. Мисалы, ак нан, эт, сөз, бир, китеп.

Сөздөгү я, ю, е, ё, юу тамгалары жана созулма үндүүлөр бир гана муунду түзөт. Мисалы, бо-ёк. чо-юн, тоо, суу. Муун ачык, жабык жана туюк муун болуп, үчкө бөлүнөт.

Үндүүлөр менен аяктаган сөздөр ачык муун деп аталат. Мисалы, ба-ла, ки-ши, тоо, э-не, а-та, э-же, кө-чө.

Сөздүн аягы үнсүздөр менен бүткөн муун жабык муун деп аталат. Мисалы, үн-дүү-лөр, үн-сүз-дөр, ал-ма-нын, эм-гек.

Сөз үнсүздөр менен башталып, үнсүздөр менен аяктайт. Мисалы, мек-теп, ки-теп, бал-дар, деп-тер, сыз-гыч, бак, те-рек, саз, ко-муз, ме-кен, ба-кыт, кос-мос.

Мисалы, гал-стук, ком-плект, ком-му-нист-тик, пункт-тун.

Сөздөрдү ташымалдоо төмөнкү тартипте болот:

Сөздүн составындагы бир үндүү тыбыштын башка үндүү тыбыштарга караганда күч менен көтөрүңкү айтылышы басым деп аталат.

(adecas)

Кыргызинфо бaрaкчaсы



Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)