Чороев Кубанычбек Кадырмамбетович


Кубанычбек Кадырмамбетович Чороев (Kubanychbek Choroev) - кыргызстандык журналист, агартуучу, ишкер.

Кубанычбек Кадырмамбетович Чороев 1954-жылы 10-ноябрда Кыргызстандын Чүй облусуна караштуу Кант районундагы (азыркы Ысык-Ата районундагы) Люксембург кыштагында туулган.

Анын ата-бабасы Кыргызстандагы Нарын облусуна караштуу Нарын районунун Он-Арча кыштагында - Эчки-Башы айылынан.

Чоң атасы Чоро ажы Айты уулу Саты небереси - айылдагы беделдүү инсандардын бири, элүү башы болгон, падышалык Орусиянын тушунда Мекеге ажылыкка барган. Теги - кыргыздын тынымсейит уруусунан.

Атасы - Кадырмамбет Чороев (1922-1975). Энеси - Алия Кыдыралиева (1924-2001).

Кубанычбек Кадырмамбетович Чороев орто мектепти туулуп-өскөн айылында бүтүргөн.

1971-жылдан тартып эмгек жолун Нарын облусунда Нарын шаарында куруучу-монтажчы болуп иштеп баштаган.

1974-жылы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика бөлүмүнө кабыл алынып, аны 1980-жылы бүтүргөн.

Нарын, Бишкек шаарларында "Нарын правдасы" (1980-82), "Жеңиш" (1982-85), "Мугалимдер гезити" (1985-1990), "Береке"(1991-92), ж. б. гезиттерде иштеген.

1989-90-жж. "Мугалимдер гезити" аттуу гезиттин жооптуу катчысы болуп иштеген.

1991-93-жылдары «Береке» гезитинин башкы редакторунун орун басары болуп иштеген.

1993-жылдан бери жекече ишкер. Бишкек шаарында жашайт.

Көркөм чыгармаларынын жана журналисттик серептеринин толптомун өзүнчө китеп кылып жарялаган ("Жылдыздар кайтып келишет". Бишкек: Турар басмасы, 2014).

Жүздөгөн публицисттик макалалары жана кабарлары Кыргызстандагы мезгилдүү басма сөздө жарык көргөн.

Үч ырына обон жаратылган (2014). Ал ырлардын бири Эчки-Башы айылына арналган.

К. Чороев өз айылдаштары - манасчы Дуңкана Кочуке уулу, коомдук ишмер Күмүш Суран кызы, кыргыздын чыгаан акын кызы, маркум Жумакан Тынымсейитова, диктор Капар Алиев, заманбап кыргыз жазуучусу Кеңеш Жусупов, журналист Сулайман Мамбеталиев, генерал Бейше Молдогазиев, композитор Сайыргазы Түркмөнов, архитектор Вера Алиева (1940-2014), мугалим Өмүр Абдыкадыров, түрколог, профессор Гүлзура Жумакунова сыяктуу бир катар улуу замандаштары менен сыймыктанып, алардын салымдарын даңазалап келет.

Үй-бүлөлүү, өмүрлүк жолдошу Нуруйпа да жекече ишкер.

Кызы, эки небереси бар.

2016-08-02 61 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-02