Бразилия улуттук футбол курамасы

Бразилия улуттук футбол курамасы (порт. Seleção Brasileira de Futebol) футбол боюнча эл аралык матчтарда жана турнирлерде Бразилияны көрсөтүүчү курама. Бразилия футбол конфедерациясы тарабынан башкарылат жана көзөмөлдөнөт — өлкөнүн негизги башкаруучу футбол органы. 1923-жылдан баштап ФИФАнын, ошондой эле 1916-жылдан баштап КОНМЕБОЛдун мүчөсү.

Бразилия курамасы дүйнө чемпиондуктарындагы эң ийгиликтүү курама болуп саналат: анын эсебинде беш чемпиондук наамы бар (1958, 1962, 1970, 1994 жана 2002). Бразилия курамасы — бардык дүйнө чемпиондуктарына катышкан жападан жалгыз команда. Бразилдер биринчилерден болуп үч башка материктин жана үч башка дүйнө бөлүктөрүнүн наамдарын утуп алышкан (Америкада, Европада жана Азияда, Түндүк Америкада, Түштүк Америкада жана Евразияда). Команда ошондой эле төрт ирет Конфедерациялар кубогун уткан, бул рекорддук көрсөткүч. мындан сырткары, бразилдердин эсебинде континеттин эң барктуу турнири болуп саналган Америка кубогунда 8 жеңиши бар. Бул көрсөткүч боюнча алар континентте Уругвай жана Аргентина курамаларынан гана артта турушат.

Команданын негизги ийгилиги 1950чү жана 1960чы жылдардын аягына туш келет, анткени, бул жылдары курамада Пеле, Гарринча, Загалло өңдүү футболчулар ойноп, 12 жылдын ичинде үч ирет дүйнө чемпиондугун жеңишкен(1970-жылы Загалло кураманын машыктыруучусу болууга жетишкен).

Бразилия курамасынын кайман аты — «Селесао» («Тандалмалар» дегенди түшүндүрөт). Ошондой эле 2002-жылдан тарта, алардын дүйнө чемпиондугундагы бешинчи жеңишинен кийин, «пентакампеондор» деп да аташат.

Курамада эң көп оюн саны Кафуга тиешелүү — 142 матч, команданын мыкты бомбардири — Пеле (77 топ).

Бразилия курамасы ФИФА рейтингинин 2013-жылдын 19-декабрындагы көрсөткүчү боюнча 10-орунда турат, континеттик рейтингде — 4чү.

Ал эми 2014-жылдын 5-июнундагы көрсөткүч боюнча 3-орунда турат, континенттик рейтингде болсо — 1чи.

Команданын башкы машыктыруучусу — Луис Фелипе Сколари, бул кызматка 28-ноябрда 2012-жылы киришкен, азыркы команда капитаны — «ПСЖ» француз футбол клубунун борбордук коргоочусу Тиаго Силва.

Бразилия улуттук футбол курамасы 1914-жылы түзүлгөн жана биринчи матчты аңглиялык «Эксетер Сити» клубуна каршы өткөрүп, аны 2:0 эсебинде жеңген (башка маалыматтар боюнча матч 3:3 эсебинде тең чыгуу менен бүткөн). Бирок дүйнөлүк аренадагы чоң жеңиштерден алыс эле. Көбүнчө буга өлкө ичиндеги жергиликтүү футбол федерацияларынын башчыларынын ортосундагы пикир-келишпестиктер тоскоолдук жараткан.

Кандай аракет кылбаса да, 1930чу жана 1934чү жылдагы чемпиондуктарда Бразилия биринчи этаптан эле четтеген. 1938-жылы команда бир кыйла өсүүнү көрсөтүп, чемпиондуктун коло байгесин жеңип алган. Ал эми Леонидас болсо, дүйнө чемпиондугунун бир матчында төрт топ киргизген, биринчи футболчу катары тарыхта калган.

Согуштан кийинки 1950-жылдагы биринчи чемпиондук, Бразилияда өткөн жалгыз чемпиондук болуп турду. Ал чемпиондук финалдык матч өткөрүлбөгөндүгү менен өзгөчөлөнөт. Төрт команда үчүн топтук этап болгон. Бразилия — Уругвай курамаларынын кездешүүсү «финал» катары эсептелет. Рио-де-Жанейро шаарынын «Маракана» стадионунда өткөн матчты көрүүгө 199 854 күйөрман келген. Бразилдердин чемпион болуусуна тең эсеп менен ойноп коюу эле жетииштүү болчу, алар 1:0 эсебинде алдыда келе жатып, 2:1 эсеби менен жеңилип калышкан. Түштүк Америкада бул матч «мараканасо» деген аталышта белгилүү.

1954-жылы Швейцарияда өткөн чемпиондукка, Бразил курамасы жаңыртылган команда менен келген. Бирок, чейрек-финалда бразилдер мажарларга (венгерлерге) 2:4 эсебинде жеңилип, өз тарыхында өтө начар матчтардын бирин өткөргөн. Бул матч «Берндеги күрөш» аталышын алган.

1958-жылы Швецияда өткөн чемпиондукта Бразилия өзүн мыкты деңгээлде көрсөтүп, дүйнө чемпиону болгон. Команданын курамында Пеле, Гарринча, Вава өңдүү жана башка футбол тарыхына кирген футболчулар айырмаланышкан. Биринчиликтин ачылышы ошол кездеги он жети жашар Пелеге тиешелүү, ал азыркы учурда да, көпчүлүк үчүн «футбол падышасы» бойдон калууда.

1962-жылы Чилиде өткөн чемпиондукта бразилдер өз ийгилигин кайталай алышты. Төрт топ киргизген Гарринча, биринчиликтин мыкты бомбардири болгон. Анын өнөктөшү Пеле, турнирдин биринчи матчтарынын биринде алган катуу травмасынан кийин чемпиондуктан чыгып кеткен.

Кураманын ДЧ-2014төгү акыркы курамы. Матчтар жана голдор 23-июнь 2014-жылдагы маалымат боюнча көрсөтүлгөн:

Курама үчүн эң көп гол саны

Төмөнкү футболчулар Сан-Паулу шаарындагы Пакаэмбу стадионуна караштуу Бразилия футбол Музейинин даңк Залына киргизилген.

Ошондой эле белгиленгендер:

Алардан башка, IFFHS нускасы боюнча XX-кылымдын даңазалуу бразил оюнчуларынын тизмесине киргендер:

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)