Кыш келе жатат, көмүр алуудагы кеңештер.
Италиянын Милан шаарында Ла Скала аттуу атактуу опера театры бар. Ал дүйнөлүк опера маданиятынын ири очокторунун бири болуп саналат. Бул театрдан дүйнөнүн көптөгөн таланттуу ырчылары таалим-тарбия алып, өз өнөрлөрүн өркүндөтүшкөн.
Ушундай белгилүү таланттардын арасында чакан тоолуу аймактан келген жөнөкөй эле кыргыздын уулу Болот Миңжылкиев да болгон. Тубаса кооз тембрлүү (бас), диапазону кенен үндүү Болот Ташкен мамлекеттик консерваториясында окуп жүргөндө эле Орто Азия жана Казакстан музыкант-аткаруучулардын биринчи конкурсунун лауреаты болгон.
Консерваторияны бүтүргөндөн кийин (1966-ж.) Кыргыз опера жана балет театрында солист болуп иштеген. Театр сахнасында композиторлор А. Малдыбаев, В. Власов, В. Ференин Манас операсынан Конурбайдын, Ш. Гунонун Фауст операсынан Мефистофелдин, М. Мусоргскийдин Борис Годунов операсынан Борис Годуновдун, А. Петровдун Пётр-I операсынан Пётрдун ж.б. ролдорду аткарган.
1973-жылы Софияда өткөн вокалисттердин эл аралык конкурсунда алтын медалга татыктуу болгон. СССРдин чоң театрында, Ленинграддын академиялык опера жана балет театрында иштеген. Америка Кошмо Штаттарында, Италия, Франция, Болгария, Польша, Германия да ж. б. өлкөлөрдө гастролдо болгон.
1977-жылы Миңжылкиевге СССРдин эл артисти деген наам берилген. Ал Бүткүл союздук Ленин комсомолу сыйлыгынын, Кыргыз ССР Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты. Кыргыз ССР Жогорку Советине депутат болуп шайланган. Медалдар менен сыйланган.