Бойго бүтүрбөө


Бойго бүтүрбөө - бойго болтурбоо үчүн көрүлгөн чаралар. Бойго болтурбоо максатында аялдын «тукумсуз» күндөрүн саноо, ошондой эле жыныстык катнашты бузуу көп учурларда натыйжасыз болуп чыгат. Бул учурда аборт жасатууга туура келет. Жыныстык катнашты бузуу эркектин жана аялдын ден соолугуна тескери таасир тийгизет. Аялдар аборт жасатпоо, организмге тескери таасир тийгизүүчү ыкмаларды колдонбоо үчүн аялдар консультациясынын врачына кайрылып, андан кеңеш алуулары керек. Врач бойго бүтүрбөөнүн ыкмаларын жана каражаттарын сунуш кылып, аны пайдалануу жолдорун үйрөтөт. Азыр Б. б. үчүн механикалык, химиялык жана биологиялык заттар колдонулат. Механикалык каражаттар сперманы аялдын жыныс жолуна түшүрбөйт же жатындын былжыр челине жумуртканын жабышуусуна тоскоол кылат.

Ага жатын моюнчасына коюлуучу калпакча, жатын ичине салынуучу спираль, чатырча жана эркектер колдонуучу презерватив кирет. Врач калпакчаны жатын моюнчасынын көлөмүнө жараша тандап кийгизет жана кайра этек кир келерине 2—3 күн калганда алат. Жатын ичине коюлуучу спираль жана чатырчалар аялды алдын ала текшергенден кийин гана коюлат. Химиялык каражаттар тоголоктолгон же паста түрүндө пайдаланылат. Бул заттар жыныс кынында эригенден кийин гана таасир эткендиктен, аны атайын шприц менен киргизгенден бир нече минутадан кийин гана жыныстык катнашуу болот.

Биологиялык заттар (түрдүү гормон препараттары) овуляция процессин (Шилтеме: Этек кир цикли) басаңдатып, бойго болтурбайт. Аларды колдонбой калганда овуляция процесси тез калыбына келип, бойго болуп калышы мүмкүн. Бул каражаттарды дайыма пайдалануудан этек кир аралыгында булгануу, куску келүү, баш ооруп, териге бүдүр чыгуу, кээде оор кабылдоолорго чалдыктыруусу мүмкүн.

2016-05-20 856 Медицина Жыргалбекова С. 2016-05-20

Маалыматка пикир жазуу үчүн сайтка кириңиз же катталыңыз.